# 12-берене. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын кызмат укуктары жана милдеттери

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2005 года №78 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об угле"](https://aqlex.ai/kg/doc/13204)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/185#diff=1192805..1192806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 12-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-12

---

1. Көмүр жана (же) анын продукттарын казып алуу, кайра иштетүү жана сатып өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө иштеген бардык юридикалык жана жеке жактар:

керектөөчүлөрдү сапаттуу көмүр жана (же) аны кайра иштетүүнүн продукттары менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алууну, сапаттын жана коопсуздуктун талаптарын жөнгө салуучу ченемдик документтердин болушун; өз уюмдарын жана өзүнүн ишин укук алкагында башкарууну; техникалык, өндүрүштүк, каржылык-экономикалык тутумдардын туруктуу иштешине жана жакшырышына, өндүрүшкө кеткен чыгымдарды төмөндөтүүгө жана пайда алууга багытталган чечимдерди кабыл алууну; көмүр ишканаларын жойгондон кийин геологиялык-маркшейдердик жана кендик-графикалык документтерди белгиленген тартипте кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга өткөрүп берүүнү; кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга көмүр корунун азайышынын, аралаш жүргөн пайдалуу кендер менен көмүр өндүрүшүнүн калдыктарын алуунун жана пайдалануунун эсеби боюнча статистикалык отчетту берүүнү; айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжал пайдалануу боюнча айкын иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү; көмүр казып алуучу уюмдарда жана ишканаларда тоо-кен (жардыруу) иштерине жетекчилик кылуу укугуна документтери бар адамдар гана тоо-кен (жардыруу) иштеринин жетекчилери болуп дайындалышы мүмкүн.

2. Менчигинин түрү мамлекеттик, аралаш болгон көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдар жеке менчикке өткөндө, ал уюмдардын ээлерине ошол уюмдун өнөр жайлык корлорун толук иштетип бүткөнгө чейинки мөөнөткө же аларды иштетүүнүн экономикалык максаттуулугунун чегине чейинки мөөнөткө көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча ишти токтотууга же түрүн өзгөртүүгө тыюу салынат.

3. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюм тарабынан курулган курулуштар жана курулмалар, ал сатып алган машиналар, жабдуулар жана башка мүлк ошол уюмдун ажыратылгыс менчигин түзөт жана мамлекеттин тескөөсүнө соттун чечими боюнча гана өтүшү мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-13)
