12-берене. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюмдардын кызмат укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июня 2005 года №78
1. Көмүр жана (же) анын продукттарын казып алуу, кайра иштетүү жана сатып өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө иштеген бардык юридикалык жана жеке жактар:
керектөөчүлөрдү сапаттуу көмүр жана (же) аны кайра иштетүүнүн продукттары менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алууну, сапаттын жана коопсуздуктун талаптарын жөнгө салуучу ченемдик документтердин болушун; өз уюмдарын жана өзүнүн ишин укук алкагында башкарууну; техникалык, өндүрүштүк, каржылык-экономикалык тутумдардын туруктуу иштешине жана жакшырышына, өндүрүшкө кеткен чыгымдарды төмөндөтүүгө жана пайда алууга багытталган чечимдерди кабыл алууну; көмүр ишканаларын жойгондон кийин геологиялык-маркшейдердик жана кендик-графикалык документтерди белгиленген тартипте кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга өткөрүп берүүнү; кен байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга көмүр корунун азайышынын, аралаш жүргөн пайдалуу кендер менен көмүр өндүрүшүнүн калдыктарын алуунун жана пайдалануунун эсеби боюнча статистикалык отчетту берүүнү; айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжал пайдалануу боюнча айкын иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү; көмүр казып алуучу уюмдарда жана ишканаларда тоо-кен (жардыруу) иштерине жетекчилик кылуу укугуна документтери бар адамдар гана тоо-кен (жардыруу) иштеринин жетекчилери болуп дайындалышы мүмкүн.
2. Менчигинин түрү мамлекеттик, аралаш болгон көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча уюмдар жеке менчикке өткөндө, ал уюмдардын ээлерине ошол уюмдун өнөр жайлык корлорун толук иштетип бүткөнгө чейинки мөөнөткө же аларды иштетүүнүн экономикалык максаттуулугунун чегине чейинки мөөнөткө көмүр казып алуу (кайра иштетүү) боюнча ишти токтотууга же түрүн өзгөртүүгө тыюу салынат.
3. Көмүр казып алуучу (кайра иштетүүчү) уюм тарабынан курулган курулуштар жана курулмалар, ал сатып алган машиналар, жабдуулар жана башка мүлк ошол уюмдун ажыратылгыс менчигин түзөт жана мамлекеттин тескөөсүнө соттун чечими боюнча гана өтүшү мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/185/st-12" title="12-берене - Көмүр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>