# 11-берене. Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жайын башкаруу боюнча мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын милдеттери

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 11-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-11

---

1. Көмүр өнөр жайынын өндүрүштүк-чарбалык ишин жөнгө салууну, анын өнүгүшүнүн бирдиктүү келечекке жана жакынкы ыкмасын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүүчү көмүр өнөр жайын башкаруучу аткаруу органы жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик башкаруу органына төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу жүктөлөт:

республиканын көмүр казып алуу тармагынын өнүгүшүнүн проблемаларын комплекстүү чечүү, инвестициялар жагында чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн жана кайра өзгөртүп түзүүнүн максаттуу мамлекеттик жана региондук программаларын ишке ашыруу; илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгуу жана ченемдик укуктук башка кызматтарды көрсөтүү; өндүрүштү материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылуу, сатуу рынокторун чыңдоо жана кеңейтүү, кадрларды даярдоо жана адистигин жогорулатуу, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды, ченемдерди жана эрежелерди сактоо, кырсыктуу кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу; айлана-чөйрөнү коргоого жана баш ийген ишканаларда айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылышты сарамжал пайдаланууга ведомстволук контролду камсыз кылуу; кен иштерин өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектүү программаларын иштеп чыгууну жана кабыл алууну, көмүрдүн корлорунун тең салмактуулугун, алардын кыймылынын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоону, жер казынасын коргоо боюнча чараларды уюштуруу; көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүнүн долбоорлорун аткарууну камсыз кылуу; кен иштеринин долбоорлорго жана кен иштеринин планына ылайык жүргүзүлүшүн контролдоону камсыз кылуу; өндүрүштүк-каржылык пландардын бардык түрлөрүнүн тең салмактуулугун, көмүрдүн жана көмүрдүн продукттарынын баасын иштеп чыгууну жана макулдашууну контролдоону камсыз кылуу; ишканалардын өндүрүштүк-каржылык ишин контролдоону жүзөгө ашыруу, алардан зарыл эсептик жана отчеттук маалыматтарды алуу, жыйынтыктоочу бухгалтердик балансты түзүү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тапшырган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-12)
