# 10-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кен байлыктарын пайдалануудагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Көмүр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/185)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 3-февралындагы № 18 "Көмүр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 03.02.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июня 2005 года №78 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об угле"](https://aqlex.ai/kg/doc/13204)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/185#diff=1192805..1192806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-172/edition/1192805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/185/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көмүр жөнүндө, 10-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-10

---

Көмүрдү казып алуу жана пайдалануу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына:

- геологиялык жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн бөлүнүүчү жер участокторун берүү;

- жергиликтүү кеңештер менен биргелешип минералдык-чийки заттык базаны калыбына келтирүүнүн, өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун экологиялык экспертизаларын уюштуруу;

- кен байлыгын геологиялык иликтөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө жер казынасын пайдаланууну жана коргоону контролдоо;

- эгер кен байлыгын иштетүү адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч түзүп, чарбалык объекттерге же айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда, жер казынасынын участокторун пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү таандык кылынат.

(КР 2005-жылдын 18-июнундагы № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/185/st-11)
