Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 5 ноября 2013 года № 437-р (Об образовании Межведомственной комиссии по координации подготовки и реализации программ и проектов, связанных с решением проблем урановых хвостохранилищ и обеспечением радиационной безопасности)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-11-05.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2006-жылдын 9-марты № 109-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539 токтомунун редакциясына ылайык)
Эл аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) ортосундагы техникалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана радиациялык коопсуздук жагында мамилелерди жөнгө салуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын МАГАТЭ менен техникалык кызматташтык боюнча жана радиациялык коопсуздук жагында мамилелерди жөнгө салуучу аткаруу органы деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги ядролук материалды эсепке алуу жана контролдоо боюнча жооптуу аткаруучу орган деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө радиациялык коргоо жана коопсуздук, радиоактивдүү булактарды пайдалануу, радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана таштандыларды башкаруу маселелери боюнча атайын ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө сунушту белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б (Уран калдык сактагычтарынын проблемаларын чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана…Распоряжение · 05.11.2013 · № 437-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-майындагы № 266-б буйругуРаспоряжение · 29.05.2006 · № 266 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б (Уран калдык сактагычтарынын проблемаларын чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана…Распоряжение · 05.11.2013 · № 437-р · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.