Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кенеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27 - февралындагы № 93-6 буйругу менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 27 - февралындагы
№ 93-6 буйругу менен бекитилген
Жањы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча
координациялык кенеш жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Координациялык Кењеш жањы муундагы окуу китептерин даярдоо
жана басып чыгаруу боюнча орган болуп эсептелет. Координациялык кењеш
мектепке чейинки, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто (толук),
атайын (коррекциялоочу), балдарга жана жаштарга кошумча билим берүүнүн
билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу билим берүү мекемелери үчүн
арналган окуу китептерин басып чыгаруу системасын (же башка
ишмердиктерди) түп-тамырынан жакшыртуу максатында түзүлгөн.
1.2. Координациялык кењеш билим берүүнүн, окуу китептеринин
сапатын жакшыртуунун негизинде окутуунун жана тарбиялоонун тариздери
менен усулдарынын жогорку дењгээлдеги мазмунун, алардын илим, окутуу
жана тарбиялоо усулдары, педагогикалык практиканын алдыњкы
тенденцияларынын талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу максатында иш
жүргүзөт.
1.3. Координациялык кењеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, „Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,
Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын
эл аралык келишимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим
берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин ченемдик укуктук
актылырын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Координациялык кењештин максаттары
2.1. Өз максатына жетүү үчүн Координациялык кењеш жалпы жана
кесиптик билим берүү чөйрөсүндө пайдаланылып жаткан окуу басылмаларына
экспертиза жүгүзөт жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министрлигине жањы муундагы окуу китептерин даярдоо
жана басып чыгаруу маселелерин чечүүдө негиз болуучу эксперттик
корутундуларды даярдайт.
Өкмөттүн тапшырмасы боюнча колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык
Координациялык кењеш билим берүү чөйрөсүндө пайдаланып жаткан башка
продукцияларга да эксперттиза жүргүзүшү мүмкүн.
2.2. Координациялык кењеш белгиленген нормалардын чегинде Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министирлиги
менен бирдикте окуу китептерин басып чыгаруунун финансылык,
материалдык-техникалык жана уюштуруу базасын жакшыртууга жана окуу
багытындагы башка продукцияларды чыгарууга багыталган мыйзамдык же
башка демилгелер менен республиканын жогору турган органдарына чыгат.
3. Координациялык кењештин иш-аракеттеринин негизги багыттары:
- Координациялык кењешке Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим
жана жаштар саясаты министирлиги, мамлекеттик, коомдук органдар менен
мекемелер тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү окуу басылмаларына
жана башка окуу китептери менен усулдук продукцияларга экспертиза
жүргүзүү же башка баа берүү;
- окуу басылмалары менен башка окуу продукцияларын чыгаруу учүн
зарыл тажрыйбаларды жалпылоо жана анын кыйла оптималдуу варианттардын
тандоо;
- окуу китептерин жана окуу багытындагы башка продукцияларды басып
чыгаруу проблемаларына жана Координациялык кењештин иш-аракеттерине
тийиштүү маалыматтарды жыйноо жана талдоо;
- Координациялык кењештин иш-аракеттеринин натыйжалары жөнүндө
илимий коомчулукка, башка кызыкдар уюмдар менен жеке адамдарга
маалымдоо.
4. Координациялык кењеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- окуу китептерин басып чыгарууну өркүндөтүү жана өз ара
кызматташуу, анын материалдык-финансылык базасын жакшыртуу, жањы
муундагы окуу басылмаларына экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча
белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө сунуш киргизүүгө;
- Координациялык кењешке жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн
зарыл маалыматтарды жана башка материалдарды Кыргыз Республикасынын
министрликтеринен, ведомстволорунан, мамлекеттик комитеттеринен,
жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынан суроого жана алууга;
- зарыл учурда, окуу китептерин басып чыгаруунун жана окуу
багытындагы башка чыгарылуучу продукциялардын базасын жакшыртууга,
ошондой эле Координациялык кењештин курамына кирбеген адистердин
окуу китептерине көзкарандысыз жана калыс экспертиза жүргүзүүсүнө
багытталган тийиштүү материалдык-финансылык каражаттарды тартууга;
- зарыл учурда, окуу басылмаларына экспертиза уюштуруунун жана аны
өткөрүүнүн актуалдуу проблемалары боюнча сунуштарды даярдоо үчүн
жумушчу топторду түзүүгө.
5. Координациялык кењештин түзүмү:
5.1 Координациялык кењеш Президиумдан жана секциялардан турат.
Окуу басылмаларына экспертиза жүргүзүү үчүн Координациялык кењештин
секция мүчөлөрү жана Координациялык кењештин курамына кирбеген адистер
тартылат.
5.2. Координациялык кењештин жетекчи органы Президиум болуп
эсептелет. Координациялык кењештин Президиумун Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Вице-премьер-министри башкарат. Президиумдун жекече курамын
түзүү, анын милдеттери, укуктары жана иш милдеттери, жыйындарын
өткөрүү регламенти ушул Жобо тарабынан аныкталат.
5.3. Координациялык кењештин секциялары (мындан ары секциялар)
билим берүүнүн дењгээлдери, билим берүү тармактары жана конкреттүү
окуу сабактары, экспорттолуучу басылмалардын (продукциялардын)
өзгөчөлүктөрү боюнча түзүлөт. Секцияны түзүү жана анын курамы Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги
тарабынан бекитилет.
6. Координациялык кењештии иш- аракеттерин уюштуруу
6.1. Координациялык кењештин секцияларынын иш-аракеттерин мектепке
чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгы
(мындан ары - мектептер башкармалыгы), Кыргыз Билим берүү академиясы,
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлигинин окуу китептерин басып чыгаруу сектору уюштурушат.
Мектептер башкармалыгы Координациялык кењештин секцияларынын Кыргыз
Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен өз
ара аракетин камсыз кылат.
6.2. Мектептер башкармалыгы нормативдик документтерге ылайык:
- эксперттердин ишин;
- секциялардын жыйындарын;
- жыйынтыктоочу экеперттик корутундуну кошкондо документацияларды
тариздөөнү;
- Координациялык кењештин секцияларынын Кыргыз Республикасынын
тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен болгон өз ара
аракетин;
- Координациялык кењештин компетенциясына кирген башка иш-
чараларды өткөрүүнү;
- Координациялык кењештин иш-аракетин маалыматтык камдыздоону
уюштурат.
6.3. Координациялык кењештин жыйындары зарылчылыкка жараша
өткөрүлөт. Координациялык кењештин жыйындары анын мүчөлөрүнүн үчтөн
эки бөлүгү катышканда гана укуктуу болуп эсептеленет.
6.4. Координациялык кењештин чечими анын жыйынына катышкан
мүчөлөрүнүн төрттөн үч бөлүгүнөн кем эмеси добуш бергенде гана кабыл
алынды деп эсептелет. Координациялык кењештин жыйындары жана кабыл
алган чечимдери протокол менен таризделет, жыйынга төрагалык кылуучу
жана жооптуу катчы тарабынан кол коюлат.
6.5. Эксперттик комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын
Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлери
тарабынан түзүлөт, Координациялык кењеш тарабынан каралат жана Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин
буйругу менен бекитилет. Комиссияны анын төрагасы башкарат. Эксперттик
комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министрлигинин ченемдик-укуктук актыларын жана ушул
Жобону жетекчиликке алат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-февралындагы № 93-б (Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана…Распоряжение · 27.02.2006 · № 93
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон