# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-февралындагы № 93-б (Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана координациялык кеңештин курамы жөнүндө тиркелгендер бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-февралындагы № 93-б (Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана координациялык кеңештин курамы жөнүндө тиркелгендер бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18475>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3775/edition/515586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18475.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-февралындагы № 93-б (Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана координациялык кеңештин курамы жөнүндө тиркелгендер бекитүү боюнча) буйругу (20.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18475

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2006-жылдын 27-февралы № 93-б "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдагы 15-сентябрындагы № 438 токтомуна ылайык: Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо;

- Координациялык кеңештин курамы.

Премьер-министр

Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-февралындагы № 93-б буйругуна тиркеме

Жаңы муундагы окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу

боюнча координациялык кеңештин курамы

Мадумаров А.К. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри; Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри; Каниметов К.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Абдиева М.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Иманалиева Э.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары; Иманалиев М.И. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун директору; Конокбаев З.Ч - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты мииистрлигинин башкармалыгынын начальниги; Калдыбаев К.А. - Кыргыз билим берүү академиясынын президенти; Чагай Л.Ю. - Чүй облусунун Токмок шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы; Жумалиев М.С. - Бишкек шаарынын № 78 орто мектебинин директору; Өзүбекова Ж.Р. - Ысыккөл облусунун Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейдин мугалими, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими; Албуринова И.Ф. - Бишкек шаарынын № 24 орто мектебинин директору.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
