# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 56 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 56 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 56-р
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3761/edition/1177466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 56 буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18459

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 8-февралы № 56-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттоштуруу маселелерин опе- ративдүү чечүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор менен камсыздоо

боюнча кечиктирилгис чаралардын тиркелген планы (мындан ары - План) бе- китилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-

касынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли- ги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологи- ялар мамлекеттик агенттиги Планды ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис ча- раларды көрүшсүн.

3. Маалыматтык ресурстарды түзүү жана калкты паспорттоштуруу масе-

лелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны иштеп чыгуу максатында төмөнкүдөй курамда эксперттик топ түзүлсүн: Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын реформаларды, мамлекеттик программа- ларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыз- доо башкармалыгынын начальнигинин орун басары, топтун жетекчиси; Скобеев Е.Л. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап- паратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкери, тотун же- текчисинин орун басары; Тен В.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу- таты К.С.Исабековдун консультанты (макулдашуу боюнча); Кубатов Ж.О. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конс- титуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, соттук-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитетинин иш-аракетин кам- сыздоо боюнча комитетинин иш-аракетин камсыз- доо боюнча бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу бо- юнча); Рыскулов А.Т. - Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иш- тер министрлигинин паспорттук-визалык бөлүмүнүн башчысы; Кожошалиева Д А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбо- орлоо иштерин координациялоо боюнча башкы баш- кармалык-борборунун башкы адиси; Баяманова З.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маа- лыматтык ресурстар жана технологиялар мамле- кеттик агенттигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу; Токобаева Г.С. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин салыктык саясат бөлүмүнүн башкы адиси; Абакова Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги- нин паспорттук жана визалык иштер башкармалы- гынын инспектору; Жумадылов Т.А. - "Интел-Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун маалыматтык-аналитикалык жана укуктук камсыз- доо кызматынын начальниги.

4. Эксперттик топ Планда каралган мөөнөттө тиешелүү чечимдердин

долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо- юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
