# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 57 " Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 57 " Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1845>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1770/edition/855547/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1845.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 57 " Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1845

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2006-жылдын 13-февралы № 57

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине

өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

2005-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1845/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

314-статьянын эскертүүсүндө:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Пара алуу же башка адамга пара берүү жөнүндө макулдашууга же-

тишүүгө жана аны жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү адам ортомчу-көмөкчү деп

таанылат.

2. Пара алууга же башка адамга пара берүүгө ортомчу-көмөкчү болуп

саналган адам, эгерде ал бул тууралу кылмыш ишин козгоого укуктуу ор-

ганга ыктыярдуу түрдө билдирсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.";

2-пункт 3-пункт деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1845/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
