# Ишке ашырууга жооптуу аткаруучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик болуп саналган Жаратылышты коргоо конвенцияларынын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 13-6 буйругуна тиркеме)

- Толук аталышы: Ишке ашырууга жооптуу аткаруучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик болуп саналган Жаратылышты коргоо конвенцияларынын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 13-6 буйругуна тиркеме)
- Актынын түрү: Перечень
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/43-7/edition/298478/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишке ашырууга жооптуу аткаруучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик болуп саналган Жаратылышты коргоо конвенцияларынын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 13-6 буйругуна тиркеме) (16.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18443

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 16-январындагы № 13-6

буйругуна тиркеме

Ишке ашырууга жооптуу аткаруучу мамлекеттик орган Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо

жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик болуп саналган

Жаратылышты коргоо конвенцияларынын тизмеси

- Коркунучтуу калдыктарды трансчегаралык ташууга жана аларды жок

кылууга контролдук жөнүндө Базель Конвенциясы: (Ратификациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1995-

жылдын 30-ноябрындагы № 225-1 токтому; Кошулуу жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын

18-ноябрындагы 3 № 304-1 токтому) - аткаруучу агенттик - Кыргыз

Республикасынын Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз

Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин, андан кийин

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин укугун

улантуучу;

- Биологиялык түрдүүлүктү сактоо жөнүндө Конвенция: (Кошулуу

жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы № 40 Мыйзамы)

- аткаруучу агенттик - Кыргыз Республикасынын Жаратылышты коргоо

боюнча мамлекеттик комитети, андан кийин Кыргыз Республикасынын Айлана-

чөйрөнү коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экология жана

өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

токой кызматы;

- Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык Конвеициясы: (Кошулуу

жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-январындагы № 11

Мыйзамы), Киото Протоколу: (Ратификациялоо жөнүндө Кыргыз

Республикасынын 2003-жылдын 15-январындагы № 9 Мыйзамы) - аткаруучу

агенттик - Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар

министрлиги;

- Алыс аралыкка абанын трансчегаралык булганышы жөнүндө Конвенция:

(Кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-январындагы №

11 Мыйзамы) - аткаруучу агенттик - Кыргыз Республикасынын Экология

жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- Озон катмарын коргоо жөнүндө Вена Конвенциясы, Озондук катмарын

бузуучу заттар боюнча Монреаль Протоколу (Ратификациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 15-январындагы № 16 Мыйзамы) -

аткаруучу агенттик - Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө

кырдаалдар министрлиги;

- Айлана-чөйрөгө трансчегаралык контекстте таасир этүүгө баа берүү

жөнүндө конвенциясы: (Кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2001-

жылдын 14-январындагы Мыйзамы) - аткаруучу агенттик - Кыргыз

Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- Экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүк жана чечимдерди кабыл алуу

процессине коомчулуктун катышуусу жана айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы

маселелер боюнча укук сотуна жеткиликтүүлүк жөнүндө Орхус Конвенциясы:

(Кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 12-январындагы № 5

Мыйзамы) — аткаруучу агенттик - Кыргыз Республнкасынын Экология жана

өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- Эњ башкысы сууда сүзүүчү канаттуулардын жашоочу жери катарында

эл аралык мааниси бар суулуу-саздак жерлер жөнүндө Рамсар Конвенциясы:

(Ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-

апрелиндеги Мыйзамы) - аткаруучу агенттик - Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик токой кызматы;

- Бекем органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм Конвенциясы:

(Кол коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-

мартындагы № 94-6 буйругу) - аткаруучу агенттик - Кыргыз

Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- Эл аралык соодадагы коркунучтуу химиялык заттар жана

пестициддерге карата макулдукту алдын ала негиздөөнүн процедурасы

жөнүндө Роттердам Конвенциясы: (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 15-

январындагы № 15 Мыйзамы менен ратификацияланган) - аткаруучу агенттик

- Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

Жетекчиси-министр Т.Коеналиев
