# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 4-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 4-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3741/edition/298471/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 4-б буйругу (22.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18437

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 11-январы, № 4-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Электрондук өкмөттү" колдонууга киргизүү жана маалыматташтырууну

өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын маалыматтык коомго өтүшү үчүн

шарттарды түзүү, азыркы учурдагы маалыматтык-коммуникациялык

технологияларды колдонуунун негизинде мамлекеттик органдарда жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында натыйжалуу жана ачык-

айкын башкаруу, ошондой эле маалыматташтырууну өнүктүрүү жана

Мамлекеттик компьютердик тармактын абалы бөлүгүндө Кыргыз

Республикасынын нормативдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүү

максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда өкмөттүк комиссия түзүлсүн:

Керимкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-

премьер-министри, комиссиянын төрагасы,

Садыков И.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын маалыматтык-аналитикалык

иштер жана коомдук байланыштар боюнча

башкармалыктын "электрондук өкмөттү" колдонууга

киргизүү жана маалыматташтырууну өнүктүрүү боюнча

сектор башчысы, комиссиянын төрагасынын орун

басары,

комиссия мүчөлөрү:

Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын экономика жана

финансы министринин орун басары,

Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигинин статс-катчысы,

Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана

коммуникациялар министринин биринчи

орун басары,

Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода

жана туризм министринин биринчи орун

басары.

Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү,

илим жана жаштар саясаты министринин

орун басары,

Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык

сактоо министрлигинин статс-катчысы,

Рысбаев Э.М - Кыргыз Республикасынын Иш

башкаруучусунун биринчи орун

басары (макулдашуу боюнча),

Таабалдиев К.А. - "Кабар" кыргыз улуттук маалыматтык

агентствосунун директору (макулдашуу

боюнча),

Сатыбеков А.Х. - Кыргыз Республикасынын Премьер-

министринин Аппаратынын маалыматтык-

аналитикалык иштер жана коомдук

байланыштар боюнча башкармалыктын

"электрондук өкмөттү" колдонууга

киргизүү жана маалыматташтырууну

өнүктүрүү боюнча секторунун эксперти.

2. Комиссия бир айлык мөөнөттө маалыматташтырууну өнүктүрүү жана

Мамлекеттик компьютердик тармактын абалы бөлүгүндө Кыргыз

Республикасынын нормативдик укуктук актыларына талдоо жүргүзсүн жана

"электрондук өкмөттү" андан ары колдонуу жана маалыматташтырууну

өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниесинде кароо

үчүн сунуш киргизсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана

коомдук байланыштар боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
