# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 559-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 559-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 559
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3735/edition/298464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-декабрындагы № 559-б буйругу (28.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18431

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 28-декабры № 559-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

"Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга бирдей аскердик

милдеттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24, 32, 33, 96-

статьяларына, 99-статьясынын 2-пунктуна ыланык жана 1989-жылы туулган

жарандарды аскердик эсепке алуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 1989-жылы туулган

жарандарды 2006-жылдын январь-март айларында жергиликтүү аскердик

башкаруу органдары аркылуу чакыруу участкаларына каттоону жүргүзсүн.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын башчылары жарандарды чакыруу

участкаларына каттоону жүргүзүү үчүн:

- курамында комиссиянын төрагасы — райондук (шаардык) аскер

комиссары жана комиссияга мүчө врачтар: хирург, терапевт,

невропатолог, дерматолог, психиатр, окулист, отоларинголог,

стоматолог, ошондой эле медициналык сестралардын арасынан катчыдан

турган жарандарды чакыруу участкаларына каттоочу райондук (шаардык)

комиссияларды

түзүшсүн.

- каттоодон отүү үчүн жарандардын аскер комиссариаттарына келишин

жана алардын чакыруу участкаларына автотрапспорт менен уюшкандыкта

жеткирилишин камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн;

- керектүү сандагы техникалык кызматкерлерди--жана тейлөөчү

персоналды, ошондой эле аскердик эсепке туруудан качкан жарандарды

издөө үчүн автотранспорт бөлүп беришсин;

- комиссиялар тарабынан дарылоо мекемелерине жиберилген уландарды

медициналык текшерүү жана дарылоо, ошондой эле эсепке алуу

документтеринин бланктарын даярдоо үчүн акы төлөшсүн;

- техникалык кызматкерлер жана автотранспорт берилбеген учурда

райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына техникалык кызматкерлерди

жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармоо жана транспорт кызматтарынын

чыгымдарына төлөө үчүн керектүү сандагы акча каражатын бөлүүнү

караштырышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги:

- жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча райондук (шаардык)

комиссиялардын курамында иштөөгө квалификациялуу адис врачтардын жана

орто медицина кызматчыларынын зарыл санын жиберсин;

- жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча комиссиялар

тарабынан жиберилген уландарды керектүү учурларда стационардык

(амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды чакыруу

участкаларына каттоодо, аскердик каттоого туруудан качкан адамдарды

издөөдө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жардам жана көмөк

көрсөтсүн, ошондой эле зарыл учурда аларды Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартсын.

5. Ведомстволук таандыктыгына, менчигинин түрүнө жана чарба

жүргүзүү шарттарына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын

жана окуу жайлардын жетекчилери, ошондон эле анын өкмөттөрүнүн

башчылары, турак-жай эксплуатациялык уюмдардын,турак - жай курулуш

кооперативдеринин жетекчилери жана кварталдык комитеттердин төрагалары

ошол ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана окуу жайларда иштеген

(окуган) же ведомствого караштуу аймактарда жашаган, 1989-жылы туулган

уландардын тизмесин райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына

беришсин.

6. Комиссиялардын мүчөлөрүнүн, техникалык кызматчылардын жана

тейлөөчү персоналдын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акысы

сакталаары белгиленсин.

7. Жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча райондук

(шаардык) комиссиялар өз иштеринде Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын талаптарын жана жоболорун бекем карманышсын.

8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери

боюнча бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
