# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 550-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 550-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 550-р
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3733/edition/507375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 550-б буйругу (06.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18429

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы N 79-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 21 декабры № 550-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июнундагы № 272-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 4-пунктагы «2005-жылдын 1-октябрына чейин» деген сөздөр «2006-

жылдын 1 -апрелине чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Калктуу конуштарды

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарына жана алыскы райондоруна киргизүүнүн критерийлеринин жањы системасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынынкурамында:

К.К. Асангуловдун кызматы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары»; төмөнкүлөр комиссиянын курамына киргизилсин:

Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Каратаев М.М. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Жолдошев А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Эшенкулов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун орун басары;

Сарыбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Шаршенбек у. Э. - Кыргыз Республикасьшын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын билим берүү, маданият, дин, спорт жана жаштар менен иштөө бөлүмүнүн эксперти;

Торгашова Л.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Э.Д. Азимов жумушчу комиссиянын курамынан чыгарылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
