Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 19-декабрындагы № 543-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик башкаруу органдарынын структураларын өркүндөтүү жөнүндө»
2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын жана Кыргыз
Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн улуттук борборунун
базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигин ага Кыргыз
Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен -
экология функцияларын, тиешелүү штаттарын жана финансы каражаттарын
өткөрүп берүү менен түзүүгө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо
жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агннттигинин карамагына
өткөрүлүп берилүүчү объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча
тиркемеге ылайык курамда комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
белгиленген тартипте Экология жана жаратылышты пайдалануу
департаментинин эмгекке акы төлөө фонду менен бардык штаттык
бирдиктерди, негизги жана жүгүртүү каражаттарын, мүлкүн жана
документтерин, жаратылышты коргоонун республикалык жана жергиликтүү
фонддорун, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча облустук, Бишкек жана Ош
шаардык башкармалыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экология
жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын
экологиялык блогунун эмгекке акы төлөө фонду жана материалдык-
техникалык жабдуусу менен штаттык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча
мамлекеттик агенттигинин карамагына өткөрүп берүүнү ишке ашырсын.
3. Комиссия:
- Кыргыз Рсспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ушул
буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн эмгекке акы төлөө фонду менен
штаттык бирдиктерди, негизги жана жүгүртүү каражаттарын, мүлктү,
документтерди белгиленген тартипте кабыл алсын жана аларды Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой
чарбасы боюнча мамлекеттик агентигинин карамагына өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына бир айлык
мөөнөттө кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө отчет берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казын
алуу тармактары жана жаратылыш ресурстары бөлүмүнө жөктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 19-декабрындагы
№ 543-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агентигинин
карамагына өткөрүлүп берилүүчү объекттерди кабыл алуу-өткөрүп
берүү боюнча комиссиянын курамы
Бурханов А.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана
токой чарбасы боюнча мамлекеттик
агннттигинин директорунун орун басары,
комиссиянын торагасы,
комиссия мүчөлөрү:
Жолчиев Б.Д. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө
кырдаалдар министринин орун басары,
комиссиянын төрагасынын орун басары,
Рустембеков О.С. - Кыргыз Рссиубликасынын Экология жана
өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
Экология жана жаратылышты пайдалануу
департаментинин директору,
Кулмурзаев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин финансы-
экономикалык башкармалыгынын начальниги,
Ибраева А.К. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин укук жана кадр
иштери бөлүмунүн башчысынын орун басары,
Борбоев А.М. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин экология жана
экспертиза бөлүмүнүн башчысы,
Алыбаева Р.Б. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
токой кызматынын финансы саясаты жана
бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн начальниги,
Алиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
токой кызматынын токой, флора жана фауна
мониторинги башкармалыгынын начальниги,
Бошкоев С.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
токой кызматынын Жаныбарлар жана
өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин
коргоону жана пайдаланууну мамлекеттик
контролдоо башкы башкармалыгынын
начальнигинин милдетин аткаруучу,
Сатаркулов Б.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
токой кызматынын ањчылык көзөмөл жана
ањчылык ресурстарын пайдаланууну жөнгө
салуу башкармалыгынын начальниги,
Абдыкаимов М.Э. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
токой кызматынын Токой жайгаштыруу башкы
башкармалыгынын начальниги,
Жоха В.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармалыгынын референти,
Бейшекеев К.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин Суу чарба департаментинин
башкы директорунун орун басары,
Ниязов Б.Н. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин Балык чарба
департаментинин башкы директору,
Учкемпиров Э.У. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды
каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин
Мамлекеттик жер инспекциясынын
начальниги.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси-министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон