Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 12-декабры, №526-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги №148-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын энергосистемасынын иштөө ишенимдүүлүгүн
жогорулатуу, тењ укуктуулуктун жана өз ара пайдалуу мамилелердин
негизинде башка мамлекеттердин энергосистемалары менен өз ара
мамилелерди координациялоо максатында:
1. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коому
2006-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясын транзиттөө жана
тармактардагы электр энергиясынын коромжулуктарын компенсациялоо
маселелери боюпча Кыргыз Республикасынын энергосистемасынын системалуу
оператору болуп аныкталсын.
2. Борбордук Азия, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы
ОЭС энергосистемалары менен электр энергиясын транзиттөөгө жаиа
тармактардагы электр энергиясынын коромжулуктарын компенсациялоого
тиешелүү маселелерди чечүү боюнча "Электр станциялары" ачык
акционердик коомунун ыйгарым укуктары "Кыргызстандын улуттук электр
тармактары" ачык акционердик коомуна өткөрүп берилсин.
3. 2006-жылдын 1-январынан тартып башка мамлекеттердин
энергосистемалары менен Кыргыз Республикасынын энергосистемаларынын
субъекттери тузгөн электр энергиясын транзиттөегө жана коромжулуктарды
компенсациялоого келишимдердин колдонулушу токтотулаары белгиленсин.
4. Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик
коомуна белгиленген тартипте Борбордук Азиянын бириккен
энергосистемасын энергосистема субъекттери менен жыштыкты жөнгө салуу
боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү улантууга келишим түзүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги №
235-б буйругу күчүн жоготгу деп табылсын.
6. Бул бүйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси, кен
казып алуу тармагы жана жаратылыш ресурстары бөлумүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Распоряжение Правительства КР от 26 апреля 2004 года № 235-рРаспоряжение · 26.04.2004 · № 235-р
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.