# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы № 515-б

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы № 515-б
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 515
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3724/edition/298434/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы № 515-б (18.10.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18419

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 8-декабры № 515-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 20-сентябрындагы № 351-б буйругунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 6-декабрындагы №

435 буйругун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын

Кыргыз Республикасынын жаранынын эл аралык стандарттарга туура келген

паспорттору менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында:

1. 2004-жылдын 27-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын жањы

үлгүдөгү жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык паспортторунун жана

жарандарынын паспортторунун бланктарын жасоо жана берүү, Контракт иште-

ген мезгилде паспортторду персоналдаштыруунун автоматташтырылган систе-

масын иштеп чыгуу, орнотуу жана эксплуатациялоо" инвестициялык долбоо-

рун ишке ашыруу боюнча контрактка № 2 Кошумча макулдашуунун (мындан ары

- № 2 Кошумча макулдашуу) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жа-

на байланыш улуттук агенттигинин төрагасына (макулдашуу боюнча) жогору-

да көрсөтүлгөн № 2 Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. № 2 Кошумча макулдашууга кол коюлгандан кийин Кыргыз Республи-

касынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш улуттук

агенттигине (макулдашуу боюнча) 2004-жылдын 27-апрелиндеги "Кыргыз Рес-

публикасынын жањы үлгүдөгү жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык

паспортторунун жана жарандарынын паспортторунун бланктарын жасоо жана

берүү, Контракт иштеген мезгилде паспортторду персоналдаштыруунун авто-

матташтырылган системасын иштеп чыгуу, орнотуу жана эксплуатациялоо"

инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча контрактта жана № 2 Кошумча

макулдашууда каралган иш-чаралардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик

жүктөлсүн.

4. Акы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төмөнкүдөй

контракттык баа боюнча төлөнөөрү белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын персоналдаштырылган жалпы жа-

рандык паспорту үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акы

төлөнгөн күнгө карата курсу боюнча 6,79 Еврого барабар өлчөмдө;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын персоналдаштырылган дипломатия-

лык паспорту үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акы төлөнгөн

күнгө карата курсу боюнча 6,79 Еврого барабар өлчөмдө;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын персоналдаштырылган кызматтык

паспорту үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акы төлөнгөн

күнгө карата курсу боюнча 6,79 Еврого барабар өлчөмдө;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалган паспорту үчүн Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкынын акы төлөнгөн күнгө карата курсу боюнча

1,18 Еврого барабар өлчөмдө.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор жана башка мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жаранынын

паспортун алууга (алмаштырууга) арыздардын бланктарынын, дипломатиялык

жана кызматтык паспорттордун буклеттеринин наркын төлөөнү өз каражатта-

рынын эсебинен жүргүзөт.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы №

351-б буйругунун редакциясына ылайык)

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2005-жылдын 17-июнундагы №

259-6 буйругунун 1, 2 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.

7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын реформаларды, мамлекеттик программалар-

ды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
