Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-01-12.
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы №7-б буйругу менен
жокко чыгарылды
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 17-ноябрындагы № 491-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы №524-б
буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мартындагы № 122-б
буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункта:
- "Кристалл" деген сөз алып салынсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн буйрукка тиркеме ушул буйрукка № 1 тиркемеге
ылайык редакцияда берилсин;
- 5 жана 6-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктү-
рүү,өнөр жай жана соода министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын
өнөржай, соода жана туризм министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай
жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода
жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2. Жогоруда аталган буйрук ушул буйрукка " 2 жана 3 тиркемелерге ылайык
редакцияда № 2 жана 3 тиркемелер менен толукталсын.
3. "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун акцияларынын пакетин
сатуу боюнча тооруктарды өткөрүү боюнча ведомствелор аралык тендерлик
комиссия жењүүчүнү аныктоодо "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун
акцияларынын пакетин сатуу боюнча тооруктардын шарттарын, "Кристалл" мамле-
кеттик акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатуу боюнча тооруктарды
өткөрүү боюнча ведомстволор аралык тендерлик комиссиянын ишинин регла-
ментинин жетекчиликке алышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрине инвес-
тициялык шарттарды эске алуу менен акциялардын пакетин сатуу боюнча юри-
дикалык документтерди конкурстун жењүүчүсү менен тариздөөгө ыйгарым укук
берилсин.
5.Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрине тоо-
руктун шарттарынын аткарылышын контролдоо тапшырылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөржай,
соода жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 17-ноябрындагы
№ 491-б буйругуна
1-тиркеме
Ведомстволор
аралык тендерлик комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы №524-б
буйругунун редакциясына ылайык)
Атамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Онөржай, соода жана туризм
министри, комиссиянын төрагасы,
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун
басары,
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын Экомомика жана финансы
министринин оруп басары,
Макаров А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мулктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин
төрагасынын орун басары,
Давлеткельдиева Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Финансылык көзөмөл жана отчёт боюнча мамлекеттик
агенттиктин директорунун орун басары,
Жунусов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын коргонуу укуктук тартип иштери боюнча
бөлүмүнүн башчысы,
Максүталиев Ж.М. - Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун
басары,
Мамбеталиева Ж.Ж - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппаратынын реформаларды, мамлекеттик
программаларды жана долбоорлорду укуктук жактан
камсыздоо башкармалыгынын укуктук экспертиза жана
нормативдик укуктук актылар секторунун башчысы.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси-министр Т.Коеналиев
Кыргыз Реснубликасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 17 -ноябрындагы
№ 491-б буйругуна
2-тиркеме
«Кристалл» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларынын
пакетин сатуу боюнча тооруктун шарттары
Тооруктар конкурстук негизде ачык, электрондук өнөр жай үчүн жарым
өткөргүч материалдар өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу,
ошондой эле ишкананын кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерин
аткаруу максатында откөрүлөт.
Тооруктун төмөнкүдөй шарттары белгиленет:
Негизги шарттар:
1. Акциялардын 100%инин старттык баасы 4,5 млн. АКШ доллары өлчөмдө
белгиленет.
2. Өндүрүштү жылына 330 тонна поликремниейге чейин жеткирип
өнүктүрүүгө инвестициялардын көлөмү 35 млн. АКШ долларынан кем эмес,
өздөштүрүү мөөнөтү 3 жылдын ичинде, анын ичинде 10 млн. АКШ доллары
2006-жылы өздөштүрүлүүгө тийиш.
3. Алдыњкы технологияларды киргизүүгө инвестициялар кийинки 3 жыл
бою 15 млн. АКШ долларынан кем болбоого тийиш.
4. «Кристалл» мамлекеттик акционердик коомунун бардык
милдеттенмелери боюнча укук улантуу, анын ичинде:
а) эмгек акы боюнча карызды сатуу-сатып алуу таризделген учурдан
баштап бир айдын ичинде төлөө;
б) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине,
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана керектелген электр
энергиясы үчүн карыздарды сатуу-сатып алуу келишими таризделген
учурдан баштап үч айдан кечиктирбей төлөө.
Кошумча шарттар:
- «Кристалл» мамлекеттик акционердик коомунун ишинин профилин
сактоо;
- жањы иш орундарды түзүү;
- кызматкерлерди окутуу;
- экспорттук потенциалды сактоо жана кењейтүү.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат,
Жетекчиси - министр Т. Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 17-ноябрындагы
№ 491-б буйругуна № 3 тиркеме
«Кристал» МАКынын акцияларынын пакетин сатуу жагынан
тооруктарды өткөрүү боюнча ведомстволор аралык тендердик
комиссиянын ишинин регламенти
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы №524-б
буйругунун редакциясына ылайык)
Бул регламент Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине,
«Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,
«Банкроттук процедураларын колдонуунун тартиби жөнүндө эрежени бекитүү
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы
№ 865 токтомуна ылайык Ведомстволор аралык тендердик комиссиянын ишин
өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жөнгө салуу максатында даярдалган.
1. Сатуу конкурстук негизде ачык тооруктар аркылуу (мындан ары -
тооруктар) ишке ашырылат.
2. Тооруктардын катышуучуларынан арыздарды кабыл алуу 2005-жылдын
12-декабрында саат 14.00дө аяктайт.
3. Тоорукту өткөрүүчу күн - 2006-жылдын 15-февралы.
4. Тооруктун башталышы - 2006-жылдын 15-февралы, саат 14.
5. Тооруктарды өткөрүү орду - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,
соода жана туризм министрлигинин имараты, чакан зал, дареги: Бишкек
шаары, Чуй проспекти, 106.
6. Арыздары менен конверттерди берүү жана ачуу Ведомстволор аралык
тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн жана тендердин
катышуучуларынын же алардын ишенимдүү адамдарынын катышуусунда жумушчу
тобунун катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Арыздары менен конверттерди ачууда тооруктарга катышуучуларды
кое берүүнү аныктоо менен андагы жазууларга ылайык берилген
документгердин толуктугу белгиленет.
8. Катышуучуларга тооруктарга кое берүү жөнүндө билдирилет.
9. Тооруктарга уруксат берилген катышуучулардын арыздарын ачылган
арыздары изилдөө жана баа берүү үчүн Ведомстволор аралык тендердик
комиссиянын мүчөлөрүнө берилет.
10. Тооруктардын ар бир катышуучусу старттык баадан төмөн же жогору
бааны сунуш кыла алат.
11. Ведомстволор аралык тендердик комиссия тарабынан Тооруктардын
негизги шарттарына ылайык эњ мыкты сунуштары бар арыздар биринчи
кезекте каралат.
12. Тооруктардын негизги шарттары боюнча сунуштар бирдей болуп
калган учурда кошумча шарттар боюнча эњ мыкты сунуш берген жана бул
чөйрөдө өндүрүш тажрыйбасы бар катышуучуга артыкчылык берилет.
13. Эгерде тооруктардын жүрүшүндө ушул Регламенттин чектеринде
чечилиши мүмкүн болбогон маселелер келип чыкса, Ведомстволор аралык
тендердик комиссия тооруктарды өткөрүү принциптерине каршы келбеген
чечим кабыл алууга укуктуу.
14. Ведомстволор аралык комиссия тооруктардын жењүүчүсүн аныктайт.
15. Баа боюнча эњ жакшы сунуш жана эњ натыйжалуу бизнес-план берген
жак жењүүчү деп табылат.
16. Төрага тооруктун натыйжаларын жана жењүүчүсүн жарыялайт.
17. Тооруктардын жыйынтыктары боюнча протокол түзүлүп, аны
Ведомстволор аралык тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюу
менен тастыкташат.
18. Протоколго кол коюлган датадан тартып 10 календардык күндүн
ичинде тооруктардын жењүүчүсү менен сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
19. Сатып алуучу сатып алуу-сатуу жөнүндө келишимде каралган
инвестициялык милдеттенмелерди аткарбаган учурда Кыргыз
Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин атынан
Сатуучу иш жүзүндө кеткен чыгымдардын ордун толтурбастан бир жактуу
тартипте келишимди бузууга укуктуу.
20. Эгерде катышууга бир гана арыз берилсе, тооруктар өткөн жок деп
табылат. Мындай учурда өзгөчө шарт болсо, ведомстволор аралык комиссия
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 408-410-статьяларына жана
"Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө
эрежени бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
30-декабрындагы № 865 токтому менен бекитилген Банкроттук процессинин
жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежеге ылайык сатууну
жекече тартипте (түз сатуу) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга
укуктуу, бул Ведомстволор аралык тендердик комиссия бекиткен өзүнчө
регламент менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси-министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (4)
- Распоряжение Правительства КР от 18 марта 2003 года №122-р (Об образовании межведомственной тендерной комиссии для проведения работы по продаже стратегическому инвестору на…Распоряжение · 18.03.2003 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-мартындагы № 78 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2007 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы №7-б буйругуРаспоряжение · 12.01.2006 · № 7
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы №524-б буйругуРаспоряжение · 10.12.2005 · № 524 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 1998 года № 865 "Об утверждении Правил о порядке применения процедур процесса банкротства"Постановление · 30.12.1998 · № 865
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы №7-б буйругуРаспоряжение · 12.01.2006 · № 7
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Распоряжение Правительства КР от 18 марта 2003 года №122-р (Об образовании межведомственной тендерной комиссии для проведения работы по продаже стратегическому инвестору на…Распоряжение · 18.03.2003 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы №524-б буйругуРаспоряжение · 10.12.2005 · № 524 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Граждандык Кодекси II бөлүгүКодекс · 05.01.1998 · № 1
- Правила о порядке применения процедур процесса банкротства (утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики от 30 декабря 1998 года N 865)Правила · 30.12.1998 · № 865
- Распоряжение Правительства КР от 11 июля 2002 года №366-р (О приобретении госадминистрацией Джалал-Абадской области четырех автомобилей)Распоряжение · 11.07.2002 · № 366