# Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1841>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1766/edition/594499/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1841.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы (13.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1841

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2006-жылдын 13-февралы № 53

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1841/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 391-статьяда:

биринчи бөлүктүн биринчи абзацы "жашаган жери" деген сөздөрдөн кийин, "ошондой эле алар тарабынан аныкталган болуу мөөнөтү аякталгандан кийин өлкөдөн өз учурунда чыгып кетүүсү" деген сөздөр менен толукталсын. биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "экиден бешке чейин" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр менен алмаштырылысын.

2. 508-статьянын биринчи бөлүгү "70-74" деген сандардан кийин "75-1" деген сан менен, "390," деген сандан кийин "391," деген сан менен толукталсын.

3. 524-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары ушул Кодекстин 69, 75, 76-79-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти карашат."

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1841/st-2)

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2005-жылдын 19-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
