Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 июня 2011 года № 318 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-15.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-апрели №195-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында эмгек акы реформасынын
концепциясын жана Экономикалык саясат жөнүндө меморандумду ишке ашыруу,
Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча төлөнүүчү бюджеттик мекеме-
лердин жана уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын иш-
теп чыгуу максатында:
1. Эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча төлөнүүчү мекеме-
лердин жана уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын иш-
теп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министринин орун басары, жумушчу
топтун жетекчиси;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун
басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун баса-
ры;
Доронина М.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин экономика жана финансылык саясат
башкармалыгынын эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн
начальниги;
Асанов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги-
нин финансылык-экономикалык талдоо жана ички
аудит бөлүмүнүн начальниги;
Скрипникова Т.В - Кыргыз-Россия Славян университетинин план-
доо-экономика бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу
боюнча);
Кудрявцева Н.Г. - Кыргыз улуттук техникалык университеттин план-
доо-экономика бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу
боюнча);
Шараварова В.В. - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университе-
тинин пландоо-экономика бөлүмүнүн начальниги
(макулдашуу боюнча);
Абышева Г.А. - Кыргызстандын Эл аралык университетинин башкы
экономисти (макулдашуу боюнча);
Сабырова Ж.Д. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
социалдык сектордун бюджетин түзүү башкармалы-
ганын бөлүм начальниги;
Есеналиева К.С. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлигинин эмгекти башкаруу
жана социалдык саясат башкармалыгынын бөлүм
башчысы;
Касымалиева Г.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлигинин эмгекти башкаруу
жана социалдык саясат башкармалыгынын башкы
адиси.
2. Жумушчу топ 2005-жылдын 1-июлуна чейин эмгек акысы Бирдиктүү
тарифтик торчо боюнча төлөнүүчү бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын
кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлиги 2005-жылдын 1-августуна чейин жумушчу топ тарабынан иштелип
чыккан эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча төлөнүүчү бюджеттик
мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шартта-
рынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.