# Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 656
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3697/edition/515623/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 656-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин курамы бекитүү боюнча) буйругу (23.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18391

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелинин № 177-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2003-жылдын 27-октябры № 656-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-июлундагы № 451 токтомун аткаруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) төмөнкүдөй курамы бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Координациялык кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменттин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү:

Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук институттун директору; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Инвестициялык жана ишкердик саясат департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары (экология маселелери менен иш жүргүзүүчү); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору; "Европа Союзу менен Кыргыз Республикасынын ортосунда Өнөктөштүк жана Кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну колдоо" борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикмелер конфедерациясынын директору (макулдашуу боюнча); керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча "Юстин" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); калкты социалдык жактан коргоонун коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча борбордун "ВИГЕНС" президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун директору; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш улуттук агентствосунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директору; Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана стандарттар департаментинин директору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон)

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменти Координациялык кеңештин секретариатынын функциясы жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон)

3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон)

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаментине жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 363-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон)

Премьер-министр

Н.Танаев
