Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2003-жылдын 21-июлу N 424-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-сентябрындагы №460 токтомунун
редакциясына ылайык)
"Карасуу" заставасынын оперативдик-кызматтык иши үчүн тийиштүү
шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 14-мартындагы N 133 "Министрликтердин, мамлекеттик комитет-
тердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ме-
кемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
кызматынын Чек ара аскери менен байланыштарын чыњдоо боюнча чаралар жө-
нүндө" токтомунун негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике
инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети:
- Ош облусу, Карасуу шаары, Энгельс көчөсү, 19 дарегинде жайгаш-
кан, "Карасуу-автотранс" АКнын балансында турган бала бакчанын пайдала-
нылбаган имаратын "Карасуу-автотранс" АКнын балансынан 2024-аскердик
бөлүктүн балансына "Карасуу" чек ара заставасын жайгаштыруу үчүн анык-
талган тартипте өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын адми-
нистрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестрге
өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын
иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 14 марта 2003 года № 133 "О мерах по укреплению связей министерств, государственных комитетов, административных ведомств, местных…Постановление · 14.03.2003 · № 133 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.