Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-сентябры N 412-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, пен-
сионерлерге, жалгыз бой картањ граждандарга, майыптарга, ошондой эле
кары-картањдар жана майыптар үчүн интернат үйлөрдө жашаган адамдарга
бир жолку даректүү колдоо көрсөтүү максатында:
1. 2005-жылдын 1-октябрында Улгайган адамдардын күнү жана Улгайган
адамдарды колдоонун жана кайрымдуулуктун бир айлыгы өткөрүлсүн.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик комиссиялар, облустук, райондук мамлекеттик адми-
нистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мен-
чигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдардын жетекчилери бир ай-
лыкты өткөрүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүшсүн, каражаттарды ка-
раштырып табышсын, тийиштүү иш-чараларды, анын ичинде төмөнкүлөрдү бел-
гилеп жана ишке ашырышсын:
- 2005-жылдын 1-октябрынан баштап Улгайган адамдардын эл аралык
күнүн бардык жерде белгилөө жана Улгайган адамдарды колдоонун жана кай-
рымдуулуктун бир айлыгын өткөрүү;
- эмгектин жана согуштун ардагерлерине сый көрсөтүү;
- жењилдиктерди берүү, социалдык пособиелерди жана акчалай компен-
сацияларды берүү;
- жалгыз бой, картањ жана аз камсыз улгайган адамдарга кийим, бут
кийим жана тамак-аш сатып алуу, отун камдоо үчун акысыз материалдык
жардам көрсөтүү;
- тиричиликтик, медициналык жана юридикалык тейлөө кызматтарын
акысыз көрсөтүү;
- айрыкча муктаж улгайган адамдарды акысыз түштөнүү менен камсыз-
доо;
- арзандатылган баа менен азык-түлүк жана өнөр жай товарларынын
жарманкелерин өткөрүү.
3. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук ишин жургүзүшкөн юридикалык
жактарга жана жеке адамдарга калктын аз камсыз катмарларына гуманитар-
дык жардам көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында каралган бардык жењилдиктердин жана компенсациялардын
2005-жылга карата сарптоолордун бекитилген сметасынын чегинде өз уба-
гында каржыланышын камсыздасын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.