# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 420-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 420-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.05.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3682/edition/298379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 420-б буйругу (15.05.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18376

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 15-майындагы № 228-б буйругуна

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 22-сентябрындагы № 420-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

1. Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин бажы

органдарынын ортосунда бажы контролундагы товарларды өткөрүүдө акча

каражаттарын бажы органынын эсебине киргизүү же банктардын гарантия-

ларын пайдалануу аркылуу бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоо жөнүндө

макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин милдетин

аткаруучу Мадумаров Адахан Кимсанбаевичке принциптүү эмес мүнөздөгү

түзөтүүлөр менен толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда көрсө-

түлгөн макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов
