КР Өкмөтүнүн буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2005-жылдын 21-сентябры №413-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Бир тараптан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана экинчи тараптан —
«Кыргыз Петролиум Компани» жабык акционердик коому (мындан ары «Кыргыз
Петролиум Компани» ЖАК), Кыргызнефть өндүрүштүк бирикмеси, Франс
Гидрокорбонс Лимитед ортосундагы 1995-жылдын 20-декабрындагы
Инвестициялык макулдашуунун аткарылышын камсыздоо, бюджеттин кошумча
чыгымын жаратуучу арбитраждык териштирүүлөрдү болтурбоо жана Кыргьп
Рсспубликасына ипвестициялардын келишин камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Петролиум
Компани» ЖАКтын Россия Федерациясыпда толөнгөн КНСтип суммасын кайра
алышына көмөк көрсөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик бажы
инспекциясы:
- ведомстволор аралык комиссиянын тиркелген корутундусунун (мындан
ары - корутунду) негизинде «Кыргыз Петролиум Компами» ЖАК 2001-жылдын
1-январынан 2002-жылдын 1-январына чейиыки мезгилде салык мыйзамын
туура сактагандыгын документтик текшерүүнүн актысына тийиштүү
өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-статьясыпа ылайык
«Кыргыз Петролиум Компани» ЖАКка финансылык санкцияларды жана
проценттерди толоопү 2 жылга чейинки мөөнөтко кийинкиге жылдырсын;
- корутундуга ылайык, КНСтин суммасы бюджетке түшүүсүн
комтролдоону камсыздасын.
3. Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык
инспекциясы Кыргыз Республнкасынын Экономикалык өнүктүрүү, онөр жай
жана соода министрлиги, «Кыргызнефтегаз» АК менен бирдикте «Кыргыз
Петролиум Компани» ЖАК корутундуда көрсөтүлгөн өзүнө алган
милдеттенмелерди аткаруусуна контролду жана мониторингди камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Фииансы министрлиги Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы,
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентство менен бирдикте 2005-
жылдын аягына чейин, жүргүзүлүп жаткан салык реформасын эске алуу
менен 1995-жылдын 20-декабрындагы Инвестициялык макулдашууга
өзгөртүулөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмотүнө сунуштарды берсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын фииансы бөлүмүнө жана отун-энергетика
комплекси жана кен казуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон