# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-августундагы № 393-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-августундагы № 393-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3671/edition/298368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-августундагы № 393-б буйругу (30.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18365

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 30-августундагы № 393-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж Клубунун

2005-жылдын 11-мартындагы Протоколун аткаруу максатында:

1. Долбоорлор жактырылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын тышкы карызын

жана реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуу ("Кыргызстан II" макулдашуусу);

- KfW банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы

28 241 912,96 евро суммасына Консолидациялык макулдашуу (Консолидация 2005);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Euler Hermes

Kreditversicherungs-Aktiengesellschaft, Hamburg, и PricewaterhouseCoopers

Aktiengesellschaft Wirtschaftsprufungsgesellschaft, Frankfurt am Mainден

турган Консорциумдун ортосундагы келишим.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статс-катчысы

Төрөмырзаев Эмирлан Төрөмырзаевичке жогоруда аталган Макулдашуунун долбоо-

руна, Консолидациялык макулдашуунун долбооруна жана Келишимдин долбборуна

принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу

менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
