# Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча убактылуу комиссиянын иштөө регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-августундагы № 344-б буйругу менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча убактылуу комиссиянын иштөө регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-августундагы № 344-б буйругу менен бекитилген)
- Актынын түрү: Регламент
- Номери: 344
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/58-5/edition/298363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча убактылуу комиссиянын иштөө регламенти (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-августундагы № 344-б буйругу менен бекитилген) (02.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18361

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 2-августундагы № 344-б

буйругу менен бекитилген

Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу

боюнча убактылуу комиссиянын иштөө

регламенти

I. Жалпы жоболор

1. Бул Регламент Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча

убактылуу комиссиянын (мындан ары - Комиссия) иштөө тартибин, ишти уюш-

туруунун негизги эрежелери менен жол-жоболорун аныктайт. Комиссия ко-

шумча нарк салыгы боюнча чегерүүлөрдүн, кайтарып берүүлөрдүн жана ордун

толтуруулардын ачык-айкын болушун жакшыртуу максатында түзүлөт.

2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыр-

гыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269 токтому

менен бекитилген "Салык жана башка төлөмдөр боюнча ашык төлөнгөн сумма-

ны бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу тартиби

жөнүндөгү" жобону (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын башка

мыйзам актыларын жана ушул Регламентти жетекчиликке алат.

3. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому ме-

нен бекитилет.

4. Комиссиянын ишине төрага, ал жок болуп калса - анын орун басары

жетекчилик кылат.

5. Комиссия ыйгарым укуктарын өз заседаниелеринде жүзөгө ашырат.

II. Комиссиянын милдеттери

6. Комиссиянын негизги милдеттери:

- Жободогу 2-бөлүмдүн сегизинчи жана тогузунчу главаларында,

## 5-бөлүмдө аныкталган маселелерди кароо, ал маселелер комиссиянын компе-

тенциясына кирет жана аймактык салык органдары тарабынан кабыл алынышы

мүмкүн эмес;

- кошумча нарк салыгы боюнча чегерүү жана ордун толтуруу боюнча

жүргүзүлгөн жол-жоболорду инвентаризациялоо жана талдоо;

- Жобонун талаптарынын сакталышын көзөмөлгө алуу болуп эсептелет.

III. Комиссиянын укуктары

7. Комиссия:

- органдардан Комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча

маалымат алууга;

- ыйгарым укуктуу органдарга Комиссиянын кароосуна берилген мате-

риалдар менен маалыматтардын туура экендигин текшерүү боюнча тапшырма

берүүгө;

- Комиссиянын компетенциясындагы маселелер боюнча мыйзам актылары-

на өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- кызмат адамдары тартип бузган учурда жана алардын иш-аракеттери

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана Жобонун талаптарына туура

келбеген кезде алардын жоопкерчилиги жөнүндө сунуш киргизүүгө;

- Комиссияга тиешелүү милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка

иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу.

IV. Комиссиянын иштөө тартиби

8. Комиссиянын заседаниесинде карала турган маселе боюнча матери-

алдар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-

пекциясы (мындан ары - МСИ) тарабынан Жобонун талаптарына ылайык даяр-

далып, жетекчинин колу коюлуп жазылган тийиштүү кат менен коштолуп су-

нуш кылынат. Сунуш кылынган документтер Кыргыз Республикасынын Финансы

министрлигинин жалпы бөлүмүндө катталып, номер коюлуп, боо өткөрүлүп

байланыш керек. Эгерде материалдар көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербесе,

анда алар кайтарылып берилүүгө тийиш.

9. Материалдар Комиссиянын заседаниесине келип түшкөн кезде, ошон-

дой эле маселе каралгандан кийин МСИге кайтарылып берилгенде, атайын

журналга катталат.

10. Чарбакер субъектилердин Комиссиянын кароосуна берилген алгачкы

документтери маселе каралгандан кийин МСИге кайтарылып берилип, анын

сактоосунда болууга тийиш.

11. МСИ Комиссиянын заседаниесине Жободо көрсөтүлгөн материалдар

менен бир эле мезгилде, КНСтин төлөнгөн суммасын бөлүп көрсөтүү менен,

ишкананын 50 мињ сомдон ашык суммага сатып алган материалдык ресурста-

рынын реестрин, жүзөгө ашырылган берүүлөрдүн реестрин, ошондой эле тек-

шерилип жаткан мезгилдеги КНС боюнча декларациялардын көчүрмөлөрүн бе-

рет.

12. МСИ материалдар келип түшкөн кезде ал материалдарды кайра кар-

жылоого байланыштуу пайда болгон ашык төлөөлөрдүн пайда болуу себебин

аныктоо жана ашык төлөөлөр боюнча чегерүүлөрдү болтурбоо үчүн кайра

каржылоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин реестери менен салыштырат.

13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казы-

начылыгы Комиссиянын кароосуна КНСти чегерүүлөрдун толтуруу укугун

берүү жөнүндөгү Комиссиянын чечимин аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө жума

сайын маалымат берип турат.

14. МСИ айдын аягында Комиссиянын кароосуна:

- аймактык салык органдарынын кабыл алган чечимдери боюнча салык

төлөөчүлөргө карата 100 мињ сомго чейинки өлчөмдө жүргүзүлгөн че-

герүүлөрдүн суммасы жөнүндө;

- Жобонун 27- жана 38-пунктарына ылайык чарбакер субъектилердин

тизмеси боюнча 100 мињ сомдон ашык өлчөмдө жүргүзүлгөн чегерүүлөрдүн

суммасы жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүү.

15. Эгерде зарыл болуп калса, Комиссия аймактык салык органдары

тарабынан кабыл алынган чечимдерди кайрадан текшерет.

16. Комиссиянын заседаниелери ушул Регламентке ылайык, ар бир жу-

манын экинчи күнү, документтердин Кыргыз Республикасынын Финансы ми-

нистрлигине түшүүсүнө жараша өткөрүлөт. Өтө эле зарыл болуп калса, Ко-

миссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн же төраганын, ал жок болуп калса анын

орун басарынын демилгеси боюнча кезексиз заседание чакырылат.

17. Комиссиянын бардык мүчөлөрү катышкан заседание мыйзамдуу болуп

эсептелет. Кворум болбой калган учурларда заседание Комиссиянын келген

мүчөлөрү же төрага, ал жок болуп калса анын орун басары белгилеген

күнгө жылдырылат.

18. Күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча Комиссиянын чечими Ко-

миссиянын бардык мүчөлөрүнүн макулдугу менен бир добуштан кабыл алынса

мыйзамдуу болуп эсептелет, протокол жазылат, ал протоколго Комиссиянын

бардык мүчөлөрү кол коюшат.

19. Маселени карап, чечим кабыл алуунун жүрүшүндө Комиссиянын

мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер протоколго жазылат.

20. Заседаниенин протоколунун көчүрмөсү Комиссиянын мүчөлөрүнө

алардын талаптары боюнча берилет.

21. Комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

тарабынан тиешеси бар органдарга жана адамдарга жазуу жүзүндө берилет.

22. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана техникалык

жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жүзөгө

ашырат.

23. Күн тартибин кезектеги заседаниеге бир күн калганга чейин Ко-

миссиянын мүчөлөрүнө жиберүүнү, заседаниеге тийиштүү материалдарды да-

ярдоону, протоколдорду тариздөөнү (бир күндүн ичинде) Комиссиянын кат-

чысы жүзөгө ашырат.

24. Комиссиянын протоколго жазылган тапшырмалары Комиссиянын бар-

дык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин структура-

сына кирген органдар тарабынан сөзсүз түрдө аткарылышы керек.
