# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-августундагы № 344-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-августундагы № 344-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 344
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.12.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3662/edition/298354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-августундагы № 344-б буйругу (10.12.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18352

---

КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы №525-б буйругунун

редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 2-августу № 344-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269

токтому менен бекитилген "Салык жана башка төлөмдөр боюнча ашык

төлөнгөн суммаларды бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толту-

руу тартиби жөнүндө" жобонун 8-главасынын 27 жана 28-пункттарына ыла-

йык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-

пекциясы Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз мињ) сомдон ашык

төлөнгөн суммаларды чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу

жөнүндөгү чечим аймактык салык органдары тарабынан кабыл алына турган

чарбакер субъектилеринин тизмесине киргизүү үчүн салык төлөөчүлөрдү ба-

алоо критерийлерин аныктоо боюнча сунуш киргизсин, ошондой эле ал кри-

терийлерге туура келген чарбакер субъектердин тизмесин берсин.

2. Салыктар боюнча ашык төлөнгөн суммаларды чегерүү, кайтарып

берүү жана ордун толтуруу жөнүндөгү материалдардын өз убагында каралбай

калышын болтурбоо максатында тиркелген:

- Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз мињ) сомдон ашык төлөнгөн

суммаларды бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу

жөнүндөгү чечим аймактык салык органдары тарабынан кабыл алына турган

чарбакер субъектилеринин убактылуу тизмеси - чарбакер субъекттердин

жањы Тизмеси бекитилгенге чейин;

- Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча убактылуу комиссия-

сынын курамы - Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча комиссиянын

жањы курамы түзүлгөнгө жана бекитилгенге чейин;

- Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча убактылуу комиссия-

нын иштөө регламенти бекитилсин.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 2-августундагы № 344-б

буйругу менен бекитилген

Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз мињ) сомдон

ашык төлөнгөндөрдү чегерүү, ордун толтуруу жөнүндөгү

чечим аймактык салык органдары тарабынан кабыл алына

турган чарбакер субъектилеринин убактылуу тизмеси

1. "Кадамжай сурьма комбинаты" АКы.

2. "Хайдаркан сымап комбинаты" АКы.

3. "Майлуу-Суу электролампа заводу" АТАКы.

4. "Кыргызстан Аба Жолдору" Улуттук авиаташуучу" АКы.

5. "Манас" Эл аралык аэропорту" АКы.

6. "Itek Аir" ЖЧКсы.

7. "Алтын Эйр" АКы.

8. "Авторемонттоо заводу" АТАКы.

9. "КОЭЗ" ЖЧКсы.

10. "Кыргыз тоо кен комбинаты" АКы.

11. "Кыргыз химия-металлургия комбинаты" АТАКы.

12. "Кыргыз цемент-шифер комбинаты" АТАКы.

13. "Дастан" ТНК АКы.

14. "Электр станциялары" ААКы.

15. "Кыргызкамволь-Нооту" АКы.

16. "Реемтсма-Кыргызстан" АТАКы.

17. Кыргыз темир жол башкармалыгы.

18. "Электротехник" АКы.

19. "Кыргызторгмаш" ЖТАКы.

20. "Достук" заводу АТАКы.

21. "Кыргыз-кытай кагаз фабрикасы" БИси.

22. "Интергласс" ЖЧКсы.

23. "Бишкек машина куруу заводу" АКы.

24. "Автомашрадиатор" ЖЧКсы ("Кыргызавтомаш" АКынын туунду фирма-

сы).

25. "Ореми" АКы.

26. "Бишкек штамптоо заводу" МИсы.

27. "Кошой" ААКы.

28. "Кыргызалтын" ААКы.

29. "Нур" ААКы.

30. "Кыргызтрансавто" АКы.

31. "Абигаль" ЖЧКсы.

32. "Альянс" ЖЧКсы.

33. "Алтын-Ажыдаар" ЖЧКсы.

34. "Бишкексүт" АКы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 2-августундагы № 344-б

буйругу менен бекитилген

Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу

боюнча убактылуу комиссиянын курамы

Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун

басары - Убактылуу комиссиянын төрагасы;

Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-

кеттик салык инспекциясынын директорунун орун

басары - Убактылуу комиссиянын төрагасынын орун

басары;

Надырбеков К.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

Кирешелер боюнча департаментинин директору;

Тюменбаев Б.Р. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

Фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги;

Жумаева Н.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

Борбордук казначылыгынын кирешелерди эсепке

алуу жана талдоо бөлүмүнүн начальниги;

Мамытканов М.С. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кыз-

матынын Экономикалык коопсуздук башкармалыгынын

бөлүм начальниги (макулдашуу боюнча);

Мунжуров А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финан-

сылык полиция башкармалыгынын салык жана финан-

сы органдарында салык жана финансылык мыйзам

бузуулар, кызматынан кыянаттык менен пайдалану-

уга жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн

начальниги;

Кыпчакбаева Ч.Э. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

Кирешелерди талдоо башкармалыгынын жетектөөчү

адиси - Убактылуу комиссиянын катчысы.
