# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 334-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 334-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 334
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3660/edition/298352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 334-б буйругу (28.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18350

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы N 535 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 29-июлу № 334-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Түштүк региондун калкынын "Бишкек-Ош" автожолу боюнча

жүргүнчүлөрдү ташууга болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында, Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жол кыймылынын коопсуздугун кам-

сыздоо боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Ош, Жалал-Абад облус-

тарынын калкынын жана мамлекеттик администрацияларынын, Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын көптөгөн кайрылууларын эске

алып:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-

рлиги:

- "Бишкек-Ош" автожолу боюнча төмөнкүдөй такай жүрүүчү автобустук

маршруттарды ачсын:

өтүмдүүлүгү жогору, толук кыймылга келтиргич механизмдүү автобус-

тар тейлеген жыл бою каттоочу;

1-майдан 15-октябрга чейинки мезгилдеги (климаттык шарттарды эске

алуу менен), сыйымдуулугу өзгөчө аз (16 отургучтуу) автобустар тейлеген

убактылуу маршруттарды;

- автобустар жөнөөчү жана баруучу башталгыч жана акыркы пункттар-

ды, ошондой эле автобустук маршруттар тейлечү арадагы пункттарды анык-

тасын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик

автомобилдик инспекция башкармалыгынын Чүй облусунун Жайыл районунун

Сосновка айлындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токто-

гул шаарчасындагы туруктуу постторунда айдоочулардын тийиштүү документ-

терин текшерүү жана жүргүнчүлүк транспортко техникалык кароо жүргүзүү

үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик авто-

мобилдик инспекция башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Транс-

порт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Кыргыз транспорттук

инспекциясынын кызматкерлерин сутка бою нөөмөттө турууга тартуу менен

контролдоочу-диспетчердик пункттар орнотулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Бишкек-Ош" авто-

жолу боюнча автобустук маршруттарды ачуу жана анын иштөө маселелеринде

көмөк көрсөтсүн жана жол кыймылынын коопсуздугуна контролду камсызда-

сын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
