Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 августа 2025 года № 535 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики и Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере пассажирских перевозок автомобильным транспортом"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы N 535 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 29-июлу № 334-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Түштүк региондун калкынын "Бишкек-Ош" автожолу боюнча
жүргүнчүлөрдү ташууга болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жол кыймылынын коопсуздугун кам-
сыздоо боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Ош, Жалал-Абад облус-
тарынын калкынын жана мамлекеттик администрацияларынын, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын көптөгөн кайрылууларын эске
алып:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги:
- "Бишкек-Ош" автожолу боюнча төмөнкүдөй такай жүрүүчү автобустук
маршруттарды ачсын:
өтүмдүүлүгү жогору, толук кыймылга келтиргич механизмдүү автобус-
тар тейлеген жыл бою каттоочу;
1-майдан 15-октябрга чейинки мезгилдеги (климаттык шарттарды эске
алуу менен), сыйымдуулугу өзгөчө аз (16 отургучтуу) автобустар тейлеген
убактылуу маршруттарды;
- автобустар жөнөөчү жана баруучу башталгыч жана акыркы пункттар-
ды, ошондой эле автобустук маршруттар тейлечү арадагы пункттарды анык-
тасын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик
автомобилдик инспекция башкармалыгынын Чүй облусунун Жайыл районунун
Сосновка айлындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токто-
гул шаарчасындагы туруктуу постторунда айдоочулардын тийиштүү документ-
терин текшерүү жана жүргүнчүлүк транспортко техникалык кароо жүргүзүү
үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик авто-
мобилдик инспекция башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Транс-
порт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Кыргыз транспорттук
инспекциясынын кызматкерлерин сутка бою нөөмөттө турууга тартуу менен
контролдоочу-диспетчердик пункттар орнотулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Бишкек-Ош" авто-
жолу боюнча автобустук маршруттарды ачуу жана анын иштөө маселелеринде
көмөк көрсөтсүн жана жол кыймылынын коопсуздугуна контролду камсызда-
сын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.