Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 22-июлу № 316-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 8-сентябрындагы № 399-б буйругунун
редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик жардам жөнүндө макулдашуунун
тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Түрк Республикасындагы Атайын жана Толук
укуктуу Элчиси Абылов Мамбетжусун Абыловичке көрсөтүлгөн Макулдашууга
принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым
укук берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы №
399-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр К.Бакиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз
аскердик жардам жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
мурдагы достук байланыштарына таянышып, 1993-жылдын 3-мартындагы Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда-
гы Аскердик билим берүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге жана
2000-жылдын 15-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү, илим жана техника жаа-
тындагы аскердик кызматташуу жөнүндө келишимине шилтеме жасашып, аскер-
дик кызматташууну терењдетүү жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүн реформалоого көмөк көрсөтүү максаттарында төмөнкүлөр боюнча
макулдашты:
1-статья.
Түркия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө АКШ
долларынын эквивалентинде 1402500 (бир миллион төрт жүз эки мињ беш
жүз) түрк лири өлчөмүндө грант берет.
Ушул грантты өздөштүрүү 2005-жылдан башталат.
2-статья.
Бул гранттын АКШ долларынын эквивалентиндеги 1402500 (бир миллион
төрт жүз эки мињ беш жүз) түрк лири Түркия Республикасынын тийиштүү
мыйзамдарынын алкагында материалдар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө бе-
рилет.
3-статья.
АКШ долларынын эквивалентиндеги 1402500 (бир миллион төрт жүз эки
мињ беш жүз) түрк лири өлчөмүндөгү грант Материалдык-техникалык жардам-
ды аткаруу жөнүндө протоколго ылайык берилет, ага эки өлкөнүн ыйгарым
укуктуу адамдары ортосунда ушул Макулдашууга шилтеме жасоо менен кошум-
ча кол коюлат.
4-статья.
Кыргыз Республикасы Түркия Республикасынын алдын ала макулдугун
албастан материалдык каражаттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой
эле аларды пайдалануу укугун башка өлкөгө же үчүнчү тарапка бербөөгө
милдеттенет.
5-статья.
Бул Макулдашуу Түркия Республикасынын Министрлер Кењеши бекиткен
күндөн баштап күчүнө кирет жана Аткаруу протоколунда айтылган бардык
материалдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине
өткөрүлүп жана кызмат көрсөтүүлөр толук аткарылган учурга чейин күчүндө
болот.
6-статья.
Кайтарымсыз жардам жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын аты-
нан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Түркия Республикасы-
нын атынан - Генералдык Штабы тарабынан аткарылат.
Бул Макулдашууну аткаруу боюнча бардык талаш-тартыштар түз
сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
Макулдашуу 2005-жылдын "__" __________ Анкара шаарында, ар бири
кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эки нускада түзүлдү жана бар-
дык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптар
англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Уран Ботобеков Али Акдоган
Кыргыз Республикасынын генерал-майор
Түркия Республикасындагы Түркия Республикасынын
Элчилигинин Кењешчиси Генералдык Штабынын Коргонууну
пландоо жана ресурстарды
башкаруу департаментинин
начальниги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 399-б буйругуРаспоряжение · 08.09.2005 · № 399
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 399-б буйругуРаспоряжение · 08.09.2005 · № 399
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 317-б буйругу.Распоряжение · 23.07.2005 · № 317