Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 11-июлу № 304-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын материалдык-техникалык
базасын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Чүй облусу, Аламүдүн району, Көк-Жар айылы, Карагул Ак-
мат көчөсү дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты Кыргыз мамле-
кеттик юридикалык академиянын балансына белгиленген тартипте өткөрүп
берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты кабыл
алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын адми-
нистрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрине өзгөртүү
киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-февралындагы №
96-б буйругунун 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу М.Керимкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-февралындагы № 96-р буйругуРаспоряжение · 14.02.2005 · № 96-р
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-февралындагы № 96-р буйругуРаспоряжение · 14.02.2005 · № 96-р
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 20 июля 2000 года № 429 "Об утверждении Сводного реестра по использованию административных зданий органами государственного управления…Постановление · 20.07.2000 · № 429 · Күчүн жоготкон