# Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 259-б

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 259-б
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 259
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3640/edition/298322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 259-б (01.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18330

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 17-июну № 259-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

(КР Өкмөтүнүн

2005-жылдын 5-июлундагы № 297-б буйругунун,

2005-жылдын 12-июлундагы № 308-б буйругунун,

2005-жылдын 13-июлундагы № 309-б буйругунун,

2005-жылдын 26-июлундагы № 329-б буйругунун

2005-жылдын 8-декабрындагы №515-б буйругунун,

2006-жылдын 1-мартындагы №136 токтомунун

редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын жарандарын жањы үлгүдөгү улуттук паспорт-

тор жана атайын бланкалык продукция менен камсыздоону уюштурууда одоно

тартип бузуулар жана кыянаттык менен пайдалануулар жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын

31-декабрындагы № 1853-11 токтомун жана "Кыргыз Республикасынын жаран-

дарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуу абалы жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 29-апрелиндеги № 215-111

токтомун ишке ашыруу максатында:

1.(күчүн жоготту)

2.(күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агентствосу:

- Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун Мисси-

ясы менен 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун буклеттерин "Dе lа Rue"

(Улуу Британия) компаниясынан алуу үчүн бажылык тариздөөгө жана бажылык

төлөмдөрдү төлөөгө, паспортторду автоматташтырылган персонификациялоо

системасынын (ПАПС) жањы жабдууларын сатып алуу, аны ушул максат үчүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн имаратка монтаждоо жа-

на орнотуу, ошондой эле ПАПСтын жањыдан тандалган персоналына эмгек акы

төлөөгө финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортко бааны жана мам-

лекеттик алымдын өлчөмүн бекитүү боюнча нормативдик документтердин па-

кетин даярдасын.

4. (күчүн жоготту)

5. (күчүн жоготту)

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жана юридикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 17-июнундагы № 259-б

буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы №136

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Паспортторду автоматташтырылган персонификациялоо

системасын киргизүүгө, ошондой эле тиркемеге ылайык

жањы үлгүдөгү жалпы жарандык, кызматтык, дипломатиялык

паспорттордун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын

паспортунун бланктарын даярдоого кайтадан тендер

өткөрүү үчүн тендердик комиссиянын курамы
