Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 17-июну, №263-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮ БУЙРУГУ
"Бургулар заводу" ачык акционердик коомунун өндүрүшүн турукташтыруу
жана стратегиялык мааниси бар металл кесүүчү аспаптарды чыгаруу боюнча
Кыргыз Республикасында жана Орто Азияда бирден бир адистештирилген
мекемени сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-
статьясын жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык
инспекциясы белгиленген тартипте «Бургулар заводу» ачык акционердик
коому менен 9138,8 мињ сом суммасындагы салыктар, финансылык жана
айыптык санкциялар боюнча карызын төлөө мөөнөтүн тиркелген графикке
ылайык 2006-жылдын 1-октябрынан тартып 10 жылга узартуу жолу менен
кийинкиге жылдыруу жөнүндө келишим түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна «Бургулар заводу» ачык
акцнонердик коомуна белгилелген тартипте келишим түзүү менен 5673,354
мињ сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу взностору боюнча карызын жоюуну
2006-жылдын 1-октябрынан тартып 5 жылдык мөөнөткө кийинкиге жылдыруу
сунушталсын.
Премьер-мииистр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон