# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 252 буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 252 буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 252
- Кабыл алынган күнү: 14.06.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3631/edition/298313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 252 буйругу (14.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18321

---

Бишкек шаары, Өкмјт үйі

2005-жылдын 14-июну №252-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН БУЙРУГУ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив

кызматы Бишкек шаары, П. Лумумба көчөсү, 165 дареги боюнча жайгашкан

администрациялык имаратты жанындагы аймагы менен кошо белгиленген

тартипте Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына

еткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн администрациялык имаратты

жанындагы аймагы менен кошо белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп

берүүнү камсыздасын;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик администрациялык

имараттарды пайдалануулары боюнча Топтомо реестрге өзгөртүүлөрдү

киргизсин.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив

кызматына Борбордук мамлекеттик архивдин жана

Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архивинин архивдерин

жайгаштыруу үчүн кошумча жай берүү жөнүндө маселени белгиленген

тартипте чечсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-декабрындагы №

829-6 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
