# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-апрелиндеги № 197-р

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-апрелиндеги № 197-р
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3596/edition/298271/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-апрелиндеги № 197-р (18.04.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18286

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 18-апрели № 197-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун жалпы жумуш-

суздуктан кыйын абалда турушкан тургундарына тез арада жардам көрсөтүү

максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия 100 тонна

аштык эгинди аныкталган тартипте брондон чыгарсын, ун тартсын жана На-

рын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун калкына бир жолку

акысыз жардам катары берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-

рлиги унду Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогуна жет-

кирүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-

лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссияга ушул буй-

руктун 1-пунктуна ылайык брондон чыгарылган аштык эгиндин запасынын ор-

дун толуктоо, ошондой эле эгинден ун тартуу үчүн акча каражат бөлүп

берсин;

- Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-

рлигине унду арналган жерине жеткирүүнү уюштуруу үчүн акча каражат

бөлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
