Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-апрели № 197-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун жалпы жумуш-
суздуктан кыйын абалда турушкан тургундарына тез арада жардам көрсөтүү
максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия 100 тонна
аштык эгинди аныкталган тартипте брондон чыгарсын, ун тартсын жана На-
рын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун калкына бир жолку
акысыз жардам катары берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
рлиги унду Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогуна жет-
кирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-
лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссияга ушул буй-
руктун 1-пунктуна ылайык брондон чыгарылган аштык эгиндин запасынын ор-
дун толуктоо, ошондой эле эгинден ун тартуу үчүн акча каражат бөлүп
берсин;
- Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
рлигине унду арналган жерине жеткирүүнү уюштуруу үчүн акча каражат
бөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын
иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 16.07.1999 · № 75 · Күчүн жоготкон