# Распоряжение Правительсвта КР от 5 марта 2005 года №141-р (О предоставлении Ассоциации международных автомобильных перевозчиков Кыргызской Республики права выдачи книжек МДП)

- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 141-р
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3584/edition/533147/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Распоряжение Правительсвта КР от 5 марта 2005 года №141-р (О предоставлении Ассоциации международных автомобильных перевозчиков Кыргызской Республики права выдачи книжек МДП) (21.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18274

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-февралындагы № 51-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2005-жылдын 5-марты № 141-б 1975-жылдын 14-ноябрындагы Жүктөрдү МДП китепчесин колдонуп эл аралык ташуу жөнүндө бажы конвенциясынын (мындан ары - МДП Конвенциясы) аткарылышына бажылык контролду андан ары өркүндөтүү максатында, МДП конвенциясынын 6-статьясына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясына (мындан ары - КыргызАСМАП) МДП китепчелерин берүүгө жана МДП конвенциясынын I бөлүгүнүн 9-тиркемесинде айтылган минимум шарттардын жана талаптардын аткарылышына гарант болууга укук берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитет бир айлык мөөнөттүн ичинде:

- МДП китепчелери боюнча колдонуудагы гарантия актысын жана КыргызАСМАП менен Автомобилдик транспорттун эл аралык союзунун (МСАТ) жана бажы органдарынын ортосунда МДП конвенциясынын 9-тиркемесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "е)" пунктчасына ылайык түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандумун кайра карашсын;

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын МДП жол-жобосуна жеткиликтүүлүк алуусунун тартибин белгилөөчү өздөрүнүн ведомстволук нормативдик укуктук актыларын МДП конвенциясынын 9-тиркемесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык келтиришсин;

- МДП конвенциясынын жоболорун аткаруу боюнча документтерге киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө МДПнын Аткаруу кеңешине билдиришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги КыргызАСМАПка МДП конвенциясына ылайык МДП жол-жоболорун пайдаланууда бириктирүүнү кепилдөөчү функцияларды ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 2-октябрындагы № 432-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетке жүктөлсүн.

Премьер-министри

Н.Танаев
