Кыргыз Республикасынын « Женева шаарында 2002-жылдын 9-декабрында кол коюлган өкмөттөр аралык уюм катары эл аралык соодалык маалымат жана кызматташуу боюнча агентство түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын (катышкан мүчө катары шартта кошулуусу) тууралу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары
2006-жылдын 13-февралы № 39
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Женева шаарында 2002-жылдын 9-декабрында кол
коюлган өкмөттөр аралык уюм катары эл аралык
соодалык маалымат жана кызматташуу
боюнча агентство түзүү жөнүндө
макулдашууга Кыргыз Республикасынын
(катышкан мүчө катары шартта
кошулуусу) тууралу
2005-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Женева шаарында 2002-жылдын 9-декабрында кол коюлган Өкмөттөр ара-
лык уюм катары Эл аралык соодалык маалымат жана кызматташуу боюнча
агентство түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасы катышкан мүчө
катары шартта кошулсун.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана
Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева
шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Өкүлүнүн Өкмөттөр аралык уюм ка-
тары Эл аралык соодалык маалымат жана кызматташуу боюнча агентстводогу
Кыргыз Республикасынын расмий өкүлдүккө талапкерлиги жактырылсын.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Швейцария Конфеде-
рациясынын Өкмөтү болуп саналган депозитарийге 2002-жылдын 9-декабрында
Женева шаарында кол коюлган Өкмөттөр аралык уюм катары Эл аралык соода-
лык маалымат жана кызматташуу боюнча агентство түзүү жөнүндө макулдашу-
уга Кыргыз Республикасынын (катышкан мүчө катары шартта) кошулганы туу-
ралу грамотаны сактоого жиберсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.