# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январынын № 39 (Таандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун байкоочу кеңеши бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январынын № 39 (Таандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун байкоочу кеңеши бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3573/edition/531587/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январынын № 39 (Таандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун байкоочу кеңеши бекитүү боюнча) буйругу (05.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18263

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 577-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2005-жылдын 24-январы № 39-б Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын (ЭӨА) "Агробизнес жана маркетинг" долбоорунун чектеринде "Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 токтомуна ылайык түзүлгөн Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун ишин камсыз кылуу максатында:

1. Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун байкоочу кеңеши (мындан ары - Кеңеш) төмөнкүдөй курамда бекитилсин.

Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин биринчи орун басары, Кеңештин төрагасы.

Кеңештин мүчөлөрү:

Жээнбеков А.Ш. - "Жер-Азыгы" Кыргызстан агробизнесмендер ассоциациясынын Директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Давлеталиев А.С. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); Ибраимова Э.С. - Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестирлөө агентствосунун директору (макулдашуу боюнча); Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы; Алимжанова Д.И. - Жашылча-жемиш ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча). (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 463-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун байкоочу кеңешинин төрагасы Кеңештин ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 873 токтому менен бекитилген Борбордун Уставына ылайык уюштурсун.

Премьер-министр

Н.Танаев
