# КР 2006-жылдын 13-февралындагы №38 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 13-февралындагы №38 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1826>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1751/edition/285063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1826.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2006-жылдын 13-февралындагы №38 "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (13.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1826

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 13-февралы № 38

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана

пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр

киргизүү тууралу

2005-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1826/st-1)

"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана

өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "байыркы буюмдар" деген

сөздөрдөн кийин "тыйындар," деген сөз менен толукталсын.

2. 9-статьянын бешинчи абзацы "эстеликтерди консервациялоо" деген

сөздөрдөн кийин ", калыбына келтирүү, оњдоо, музейлештирүү" деген

сөздөр менен толукталсын.

3. 30-статьяда:

- биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү

сүйлөмдөр менен толукталсын:

"Республикалык маанидеги корук аймактарынын объекттеринин долбоор-

лору эстеликтерди коргоо чөйрөсүндөгү адистешкен илимий-долбоорлоо уюму

тарабынан иштелип чыгат жана маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбор-

дук органы тарабынан бекитилет. Эларалык маанидеги корук аймактарынын

объекттеринин долбоорлору маданиятты башкаруунун мамлекеттик борбордук

органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

бекитилет.";

- биринчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү төртүнчү сүйлөм деп эсептелсин;

- экинчи бөлүктүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;

- үчүнчү бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эстеликтердин корук аймактарынын жана ар бир тарыхый, археология-

лык, архитектуралык жана шаар куруу эстеликтеринин долбоорлору өзүнчө

иштелип чыгат жана бекитилет. Калк конуштарынын башкы пландарын иштеп

чыгууда аларга эстеликтерди коргоонун бекитилген аймактары кошулат.".

4. 33-статьяда:

- биринчи бөлүгү "археология" деген сөздөн кийин ", суу алдындагы"

деген сөз менен толукталсын;

- статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Андан ары сактоону жана пайдаланууну талап кылуучу объектилердеги

археологиялык казуулар үчүн Ачык барак археологиялык изилдөөлөр-консер-

вациялоо, калыбына келтирүү жана музейлештирүүнү аяктагандан кийин эла-

ралык стандарттарга ылайык коргоо чараларынын толук комплексин жүргүзүү

үчүн финансы кепилдиги болгон учурда гана каттоого алынат.";

- экинчи-төртүнчү бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша үчүнчү-бешинчи

бөлүктөр деп эсептелсин;

- үчүнчү бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Археологиялык, анын ичинде суу алдындагы иштерди ээнбаш жүргүзүү

мыйзамсыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

жазаланат.

5. 35-статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толуктал-

сын:

"Өзгөчө учурларда аларга "улуттук" деген статус берилиши мүмкүн.".

6. 37-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитил-

ген атайын жобо менен аныкталат" деген сөздөр "атайын мыйзам менен

жөнгө салынат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1826/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1826/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
