1-статья
Күчүндө · 06.02.2006 редакциясы
"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 498-ст.)
төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи, экинчи жана үчүнчү
бөлүктөр менен толукталсын:
"Автовокзал - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз
кылуучу жана 75тен көбүрөөк адам бата турган күтүү залы жана билеттик
кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчун перрону; автобус-
тар токтой турган аянтчасы, сактоочу жайы, эне менен баланын бөлмөсү,
айдоочулардын эс алуу бөлмөсү, сантехникалык түйүнү жана маалымат так-
тама тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай.
Автостанция - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз
кылуучу жана 75ке чейинки адам бата турган күтүү залы жана билеттик
кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчүн перрону; автобус-
тар токтой турган аянтчасы, сантехникалык түйүнү жана маалымат тактама
тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай.
Автопавильон - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн ав-
тожолдордун боюна жайгашкан линиялык имарат жай.";
биринчи-үчүнчү бөлүктөр тиешелүү түрдө төртүнчү - алтынчы бөлүктөр
деп эсептелсин.
2. 7-статья төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы, жетинчи, сегизинчи
жана тогузунчу бөлүктөр менен толукталсын:
"Автовокзалдардын, автостанциялардын, автопавильондордун кызмат
көрсөтүү иштерин уюштуруу жол жүрүүгө байланышкан бардык операцияларды
аткарууда аз убакытты сарптоо менен жүргүнчүлөргө бардык ыњгайлуулук-
тарды түзүп берүүгө тийиш.
Автовокзал шаарлар аралык жүргүнчүлөрдү жана областтар аралык жана
эл аралык маанидеги шаарлардын чет жакаларындагы маршруттарды тейлөөгө
арналган.
Автостанция областтык маанидеги шаарлар аралык жана шаарлардын чет
жакаларындагы маршруттардын жүргүнчүлөрүн тейлөөгө арналган.
Автовокзалдар болбогон калктуу конуштарда областтар аралык жана эл
аралык маршруттардын жүргүнчүлөрүн автостанциялар тейлей алат.";
Алтынчы бөлүк онунчу бөлүк деп эсептелсин.
Берененин тексти 06.02.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Транспорт жөнүндөЗакон · 08.07.1998 · № 89
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1824/st-1" title="1-статья - Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>