# КР 2006-жылдын 6-февралындагы №36 " Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 6-февралындагы №36 " Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1824>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1749/edition/285061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1824.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2006-жылдын 6-февралындагы №36 " Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (06.02.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1824

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 6-февралы №36

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр

киргизүү тууралу

2005-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1824/st-1)

"Транспорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 498-ст.)

төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статья төмөндөгүдөй мазмундагы биринчи, экинчи жана үчүнчү

бөлүктөр менен толукталсын:

"Автовокзал - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз

кылуучу жана 75тен көбүрөөк адам бата турган күтүү залы жана билеттик

кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчун перрону; автобус-

тар токтой турган аянтчасы, сактоочу жайы, эне менен баланын бөлмөсү,

айдоочулардын эс алуу бөлмөсү, сантехникалык түйүнү жана маалымат так-

тама тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай.

Автостанция - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз

кылуучу жана 75ке чейинки адам бата турган күтүү залы жана билеттик

кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчүн перрону; автобус-

тар токтой турган аянтчасы, сантехникалык түйүнү жана маалымат тактама

тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай.

Автопавильон - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн ав-

тожолдордун боюна жайгашкан линиялык имарат жай.";

биринчи-үчүнчү бөлүктөр тиешелүү түрдө төртүнчү - алтынчы бөлүктөр

деп эсептелсин.

2. 7-статья төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы, жетинчи, сегизинчи

жана тогузунчу бөлүктөр менен толукталсын:

"Автовокзалдардын, автостанциялардын, автопавильондордун кызмат

көрсөтүү иштерин уюштуруу жол жүрүүгө байланышкан бардык операцияларды

аткарууда аз убакытты сарптоо менен жүргүнчүлөргө бардык ыњгайлуулук-

тарды түзүп берүүгө тийиш.

Автовокзал шаарлар аралык жүргүнчүлөрдү жана областтар аралык жана

эл аралык маанидеги шаарлардын чет жакаларындагы маршруттарды тейлөөгө

арналган.

Автостанция областтык маанидеги шаарлар аралык жана шаарлардын чет

жакаларындагы маршруттардын жүргүнчүлөрүн тейлөөгө арналган.

Автовокзалдар болбогон калктуу конуштарда областтар аралык жана эл

аралык маршруттардын жүргүнчүлөрүн автостанциялар тейлей алат.";

Алтынчы бөлүк онунчу бөлүк деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1824/st-2)

Ушул Мыйзам, 2006-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган

1-статьянын 2-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарын кошпо-

гондо, расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө ки-

рет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
