# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 13-декабрынын № 810-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 13-декабрынын № 810-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 810
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-3544/edition/526097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 13-декабрынын № 810-б буйругу (13.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18233

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 163-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2004-жылдын 13-ноябры № 810-б Борду калдык сактоочу жайынын бүтүндүгү, аны консервациялоо жана рекультивациялоо, калдык сактоочу жайга чектешкен бассейндин жер бетиндеги жана жер астындагы сууларынын булганышы, Чүй регионунун радиациялык коркунучун азайтуу менен байланышкан мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү максатында:

1. "Кыргыз химия-металлургиялык завод" акционердик коомуна белгиленген тартипте Борду калдык сактоочу жайын Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүп берүү сунуш кылынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

- "Кыргыз химия-металлургиялык завод" акционердик коомуна тиешелүү Борду калдык сактоочу жайын өз балансына кабыл алсын;

- "Кыргыз химия-металлургиялык завод" акционердик коому менен бирдикте Борду калдык сактоочу жайын кабыл алуу-өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн;

- министрликке 2005-жылдын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен Борду калдык сактоочу жайын тейлөөгө чыгымдарды карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2006-жылдан тартып республикалык бюджеттен Борду калдык сактоочу жайын тейлөөгө каражат карасын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев
