1-статья. "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Күчүндө · 24.01.2017 редакциясы
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) тө- мөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 16-статьяда:
1-пунктта:
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен
толукталсын: " - теле-, радиоберүүлөрдүн, жарнама роликтеринин эфирине, ошондой эле сырткы жарнамага чыгууга;
- кино- жана көрмөтейлөөдө, эгерде мындай тейлөөнүн аудиториясы
жашы жеткен адамдар менен чектелбесе, фильмдерди көрсөткөнгө чейин көрсөтүлүп жатканда же андан кийин жайылтууга.".
- экинчи-сегизинчи абзацтар төртүнчү-онунчу абзацтар деп эсептел-
син;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Төмөнкүлөргө тыюу салынат: жашы жетпегендердин арасында жарнама максатында коомдук жайларда, ошондой эле жашы жетпегендердин кирүүсүнө тыюу салынбаган жерлерде ал- коголдук ичимдиктердин жана тамеки заттарынын үлгүлөрүн акысыз таратуу- га; эгерде анда алкоголдук ичимдиктердин же тамеки заттарынын аталышы, сүрөтү же товардык белгиси пайдаланылса, көбүнесе жашы жетпегендерге арналган иш-чараларга, демөөрчүлүк кылууга; алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын керектөө процессине тиешеси жок, сыртына алкоголдук ичимдиктердин же тамеки заттарынын ата- лышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, кол чатырлар, сумкалар ж.б.) таратууга, анын ичинде адамдардын кењири чөйрөсүнө сатууга. Буларга сыртына алкоголдук ичимдиктердин же тамеки заттарынын аталыштары же сүрөттөрү жана/же товардык белгилери жана бар- лардагы, ресторандардагы, кафелердеги, мейманканалардагы жана ушул сы- яктуу жайлардагы логотиптер түшүрүлгөн күл түшүргүчтөр, оттуктар (зажи- галкалар), ширенке кутучалары, подностор жана башка тиричилик буюмдары, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын таратуу жана аларды чекене соодалоо үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары кир- бейт. Мындай тиричилик буюмдарына алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн жана чылым тартуунун зыяндуулугу жөнүндө эскертүү берүү талап кылынбайт; алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын менчигинин түрүнө ка- рабастан, 7ден 22 саатка чейин радиодон, телекөрсөтүүдөн жарнамалоого тыюу салынат,"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, каты- шуучуларынын жана ортомчулардын, анын ичинде оюн-зоок жайларынын, тота- лизаторлордун, букмекердик конторалардын өз ара мелдешине негизделген жарнаманы (оюн-зоок бизнесинин жарнамасы) таратууга төмөндөгүлөрдө жол берилет: оюн-зоок бизнес уюмдарынын жайларында, ошондой эле аларга улай жайгашкан мейманканалардын, ресторандардын, эс алуу жана көњүл ачуу уюмдарынын жайларында; жарнама таратууга адистешкен мезгилдүү басма сөздө, ошондой эле оюн-зоок бизнесинин кызматкерлери же оюнга жана түздөн-түз мелдешке ка- тышкан адамдарга арналган адистешкен мезгилдүү басма сөздө. Оюн-зоок бизнесинин башка жарнамасына жол берилбейт. Оюн-зоок жайларынын жана тотализаторлордун жайгашкан жерин көрсөткүчтөр, анын ичинде көрнөктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө жалпыга маалымдалуучу маалыматты гана камтый алат. Оюн-зоок бизнесинин жарнамасы төмөндөгүлөрдү көздөбөшү керек: жарнаманы керектөөчүлөрдө оюнга же мелдешке катышуу коомдук же же- кече ийгиликке жетишүү үчүн маанилүү же болбосо мүлктүк проблемаларды чечүүгө көмөк көрсөтөт деген көз карашты туудурбашы; оюнга же мелдешке катышпаган адамдарды жаманатты кылбашы; утушка кепилдик берилген же анын ыктымалдуулугу жогору деген көз караш туудурбашы; эгерде өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү белгиленүү болсо, оюндарга жана мелдештерге катышуунун же утуштарды берүүнүн (төлөөнүн) өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү жашырылбашы; жашы жетпегендерге 35 жашка чейинки адамдардын образдарын пайдалан деп түздөн-түз кайрылууга, ошондой эле жашы жетпегендер үчүн радио жана телеберүүлөрдө, басма сөздө кандай формада болбосун жайылтылбашы.".
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1823/st-1" title="1-статья - Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик Кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>