# КР 2006-жылдын 6-февралындагы № 35 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик Кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2006-жылдын 6-февралындагы № 35 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик Кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1748/edition/858068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2006-жылдын 6-февралындагы № 35 "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик Кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1823

---

Бишкек шаары 2006-жылдын 6-февралы № 35

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексине Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик Кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу

(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2005-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья. "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз](https://aqlex.ai/kg/doc/1823/st-1)

Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) тө- мөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 16-статьяда:

1-пунктта:

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен

толукталсын: " - теле-, радиоберүүлөрдүн, жарнама роликтеринин эфирине, ошондой эле сырткы жарнамага чыгууга;

- кино- жана көрмөтейлөөдө, эгерде мындай тейлөөнүн аудиториясы

жашы жеткен адамдар менен чектелбесе, фильмдерди көрсөткөнгө чейин көрсөтүлүп жатканда же андан кийин жайылтууга.".

- экинчи-сегизинчи абзацтар төртүнчү-онунчу абзацтар деп эсептел-

син;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Төмөнкүлөргө тыюу салынат: жашы жетпегендердин арасында жарнама максатында коомдук жайларда, ошондой эле жашы жетпегендердин кирүүсүнө тыюу салынбаган жерлерде ал- коголдук ичимдиктердин жана тамеки заттарынын үлгүлөрүн акысыз таратуу- га; эгерде анда алкоголдук ичимдиктердин же тамеки заттарынын аталышы, сүрөтү же товардык белгиси пайдаланылса, көбүнесе жашы жетпегендерге арналган иш-чараларга, демөөрчүлүк кылууга; алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын керектөө процессине тиешеси жок, сыртына алкоголдук ичимдиктердин же тамеки заттарынын ата- лышы же сүрөтү түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш кийимдер, кол чатырлар, сумкалар ж.б.) таратууга, анын ичинде адамдардын кењири чөйрөсүнө сатууга. Буларга сыртына алкоголдук ичимдиктердин же тамеки заттарынын аталыштары же сүрөттөрү жана/же товардык белгилери жана бар- лардагы, ресторандардагы, кафелердеги, мейманканалардагы жана ушул сы- яктуу жайлардагы логотиптер түшүрүлгөн күл түшүргүчтөр, оттуктар (зажи- галкалар), ширенке кутучалары, подностор жана башка тиричилик буюмдары, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын таратуу жана аларды чекене соодалоо үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары кир- бейт. Мындай тиричилик буюмдарына алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн жана чылым тартуунун зыяндуулугу жөнүндө эскертүү берүү талап кылынбайт; алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын менчигинин түрүнө ка- рабастан, 7ден 22 саатка чейин радиодон, телекөрсөтүүдөн жарнамалоого тыюу салынат,"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Оюн-зоок тобокелчилигине жана алардын уюштуруучуларынын, каты- шуучуларынын жана ортомчулардын, анын ичинде оюн-зоок жайларынын, тота- лизаторлордун, букмекердик конторалардын өз ара мелдешине негизделген жарнаманы (оюн-зоок бизнесинин жарнамасы) таратууга төмөндөгүлөрдө жол берилет: оюн-зоок бизнес уюмдарынын жайларында, ошондой эле аларга улай жайгашкан мейманканалардын, ресторандардын, эс алуу жана көњүл ачуу уюмдарынын жайларында; жарнама таратууга адистешкен мезгилдүү басма сөздө, ошондой эле оюн-зоок бизнесинин кызматкерлери же оюнга жана түздөн-түз мелдешке ка- тышкан адамдарга арналган адистешкен мезгилдүү басма сөздө. Оюн-зоок бизнесинин башка жарнамасына жол берилбейт. Оюн-зоок жайларынын жана тотализаторлордун жайгашкан жерин көрсөткүчтөр, анын ичинде көрнөктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө жалпыга маалымдалуучу маалыматты гана камтый алат. Оюн-зоок бизнесинин жарнамасы төмөндөгүлөрдү көздөбөшү керек: жарнаманы керектөөчүлөрдө оюнга же мелдешке катышуу коомдук же же- кече ийгиликке жетишүү үчүн маанилүү же болбосо мүлктүк проблемаларды чечүүгө көмөк көрсөтөт деген көз карашты туудурбашы; оюнга же мелдешке катышпаган адамдарды жаманатты кылбашы; утушка кепилдик берилген же анын ыктымалдуулугу жогору деген көз караш туудурбашы; эгерде өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү белгиленүү болсо, оюндарга жана мелдештерге катышуунун же утуштарды берүүнүн (төлөөнүн) өзгөчө шарттары жана чектөөлөрү жашырылбашы; жашы жетпегендерге 35 жашка чейинки адамдардын образдарын пайдалан деп түздөн-түз кайрылууга, ошондой эле жашы жетпегендер үчүн радио жана телеберүүлөрдө, басма сөздө кандай формада болбосун жайылтылбашы.".

### [2-статья. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жө-](https://aqlex.ai/kg/doc/1823/st-2)

нүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо- мосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 317-1-статья менен толукталсын:

"317-1-статья. Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу

Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу - кызмат адамына эњ төмөнкү эмгек акынын жыйырмадан отузга чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 534-статьянын биринчи бөлүгү "310-1" деген сандан кийин "317",

"317-1" деген сандар менен толукталсын.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1823/st-3)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [4-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык-процесстик Кодексине](https://aqlex.ai/kg/doc/1823/st-4)

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442- ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 163-статьянын биринчи бөлүгү "192" деген сандан кийин "192-1" де- ген сан менен толукталсын.

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1823/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук](https://aqlex.ai/kg/doc/1823/st-6)

актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
