# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/1801)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы №13 "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1801/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1726/edition/1250888/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1801/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 1-статья (26.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1801/st-1

---

Эсептешүү көрсөткүчү - социалдык төлөмдөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын жана администрациялык жазалар менен жазапулдардын, эмгек акысын төлөө менен байланышпаган башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөгүдөй өлчөмдөрүн аныктоочу ченемдик акчалай көрсөткүч:

- курагы, иштеген жылдары жана майыптыгы боюнча пенсияларга кошулуучу үстөктөрдүн өлчөмдөрүн;

- пенсияны эсептөө үчүн айлык орточо эмгек акынын, кирешенин (акчалай канааттандырманын);

- ден соолукка зыян келтиргендик үчүн жана багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө компенсацияларын;

- иштин белгилүү бир түрү менен алектенүү үчүн патенттин, лицензиянын наркынын;

- жарандардын айрым категорияларына берилүүчү жеңилдиктердин, өлчөмүн;

- экономикалык санкциялардын, администрациялык жазалардын жазапулдардын, салыктык жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн;

- ишканалардын уставдык жана башка фонддорунун өлчөмдөрүн;

- эмгек акы төлөө менен байланышпаган башка социалдык төлөнмөлөрүн.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 6-июлундагы № 4-П "2016-жылдын 15-апрелиндеги № 17-о судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу жарандар Илида Дженалиеванын, Айнура Мусаевна Осмоналиеванын, Бектур Камильевич Осмонбаевдин даттануусун канагаттандыруудан баш тартуу тууралуу" токтому

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1801/st-2)
