# 9-статья. Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертиза

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.02.2014 [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240464..1240465>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 9-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-9

---

Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде алдын ала экспертиза өткөрөт, анын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 2-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө жана 6-статьясында аныкталган талаптарга ылайык, өтүнмөнүн мазмуну текшерилет. Алдын ала экспертизанын жүрүшүндө өтүнмө ээсине кошумча материалдардын зарылдыгы жөнүндө суроо-талап жиберилиши мүмкүн, ага жооп суроо-талапты алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент бул мөөнөттү алты айга чейин узарта алат. Эгерде өтүнмө ээси бул мөөнөттү бузса, же суроо-талапты жоопсуз калтырса, өтүнмө кайтарылып алынды деп эсептелинет. Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын жыйынтыктары боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же андан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат. Кыргызпатент алдын ала экспертизанын натыйжалары жөнүндө өтүнмө ээсине кабарлайт. Өтүнмөнү алдын ала экспертизалоонун оң натыйжалары жөнүндө бир убакта билдирүү менен өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 10-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнү берүү күнү билдирилет. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-10)
