# 6-статья. Товардык белгини каттоого өтүнмө

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.02.2014 [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240464..1240465>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 6-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-6

---

Товардык белгиге карата өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык же жеке жак тарабынан Кыргызпатентке берилет. Өтүнмө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл, же башка өкүл аркылуу берилиши мүмкүн. Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашап турушкан жеке жактар, же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү товардык белгини каттоого байланыштуу иштерди Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн же башка өкүлдүн ыйгарым укугу товардык белгиге күбөлүк суралган адамдын атынан берилген ишеним кат менен ырасталат. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациядан өткөрүүнүн жана каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Өтүнмө бир гана белгиге тиешелүү болууга тийиш. Өтүнмөдө төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин же жашаган жерин көрсөтүү менен, белгини товардык белги катары каттоо жөнүндө арызы;

2) өтүнмө берилген белгилөө;

3) белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеги.

Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Өтүнмөгө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) белгиленген өлчөмдө алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;

2) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;

3) эгерде өтүнмө жамааттык белгиге берилсе, жамааттык белгинин уставы.

Ушул статьянын жетинчи бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн боюнча эсептелет. Өтүнмөгө тиркелген документтер мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Жогоруда аталган өтүнмөнүн документтерине аларды берүүнүн тартиптерине коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 20-февралындагы № 04-р чечими (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-7)
