# 41-статья. Товардык белгини жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: XII бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240463..1240464>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 41-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-41

---

Товардык белгини же бир түрдүү товарларга карата товардык белгиге окшош белгилөөнү, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгини же аларга окшош белгини же товардын чыккан жеринин аталышы же ушул Мыйзамга карама-каршы келүүчү ар кандай товарларга карата товар чыккан жердин аталышы менен окшош белгини пайдалануу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык граждандык, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылат. Бузууларды токтотуу же келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптардан башка товардык белгини мыйзамсыз пайдалануудан граждандык укуктарды коргоо төмөндөгү жолдор менен: жабыр тартуучунун ишкерлик аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоо; товардан же анын сырткы оромосунан мыйзамсыз колдонгон товардык белгини же аралашып кетүү деңгээлине чейин жеткен ага окшош белгини алып таштоо, же болбосо товардык белгилердин же чаташтыруу даражасына чейин жеткен ага окшош белгилөөнүн белендеп койгон сүрөттөрүн жок кылуу; товардык белги мыйзамсыз колдонулган товарларга арест салуу же аларды жок кылуу аркылуу иш жүзүнө ашырылат. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге же товарлар чыгарылган жердин аталышына карата эскертүүчү маркалоону жасоочу адам Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат. Катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын же ушундай атка окшош белгини мыйзамсыз пайдаланган адам товарлар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк ээсинин, коомдук уюмдун, мамлекеттик органдын же прокурордун талабы боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү: аны пайдаланууну токтотууга жана бардык жабыр тарткандарга келтирген зыяндарынын ордун толтурууга, ошондой эле товарлар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануудан алынган каражаттын зыяндардын ордун толтуруудан ашкан суммасын жергиликтүү бюджеттин кирешесине төлөп берүүгө; жабыр тартуучунун ишкерлик аброюн калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоого; товардан же анын сырткы оромосунан мыйзамсыз колдонгон товарлар чыгарылган жердин аталышын, же аралашып кетүү деңгээлине чейин жеткен ага окшош белгини алып таштоого, же болбосо товарлар чыгарылган жердин аталышын же чаташтыруу даражасына чейин жеткен ага окшош белгилөөдөн белендеп койгон сүрөттөрүн жок кылууга. Товардык белгини жана товарлардын чыгарылган жеринин аталышын товардан же анын сырткы оромосунан алып таштоо, мыйзамсыз колдонулган товардык белгилери бар товарга арест салуу же аны жок кылуу ушундай товардын ээсинин өз укуктарын коргоо мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-42)
