# 4-статья. Каттоодон баш тартуу үчүн талашсыз негиздер

- Документ: [Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/18)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70 "О товарных знаках, знаках обслуживания, географических указаниях и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/112553)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.02.2014 [Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"](https://aqlex.ai/kg/doc/205251); 27.02.2003 [Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1170)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/18#diff=1240464..1240465>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-7/edition/1240463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/18/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө, 4-статья (24.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-4

---

Төмөнкү айырмалоочу жөндөмгө ээ болбогон же элементтерден гана турган белгилөөлөрдү товардык белгилер катарында каттоого жол берилбейт:

1) белгилүү бир түрдөгү товарларды белгилөө катарында жалпы керектөөгө киргендер;

2) ушундай терминдерди же символдорду белгилер катарында пайдалануу үчүн сунуш кылынган товарларга карага жалпы кабыл алынган терминдер жана символдор болуп саналгандар;

3) товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиетин, эмнеге пайдаланылаарын, баалуулугун, ошондой эле алардын чыгарылган жерин, өндүрүүнүн же сатып өткөрүүнүн убакытын жана ордун көрсөткөндөр.

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде алар басымдуулук абалды ээлебесе, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилиши мүмкүн. Мамлекеттик гербдер, желектер жана башка мамлекеттик эмблемалар, мамлекеттердин расмий аталыштары, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштары, алардын гербдери, желектери жана башка эмблемалары, расмий контролдук, кепилдик жана сынамык энтамгалары, мөөрлөрү, сыйлыктары жана башка айырмалоо белгилери же алар менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгилер болуп саналган элементтерден турган белгилөөлөрдү товардык белгилер катары каттоого жол берилбейт. Эгерде ага тиешелүү компетенттүү органдын же алардын ээсинин макулдугу болсо, мындай элементтер товардык белгиге корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн. Товардык белгилер же аларды белгилөөчү элементтер катары төмөндөгүлөрдү каттоого жол берилбейт:

1) товарга жана аны жасоочуга карата жалган же керектөөчүнү чаташтырууга дуушар кылууга жөндөмдүү болуп эсептелгендер;

2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон шарап же күчтүү спирт ичимдиктеринин чыгарылган жерлерин көрсөтүүнү камтыса жана туюндурса, эгерде мындай белгилөөлөр көрсөтүлгөн жерден чыгарылбаган күчтүү спирт ичимдиктери менен шараптарга арналса, ошондой эле анык жерин формалдуу көрсөтүп, бирок, товардын башка аймактан чыгарылгандыгы жөнүндө жаңылыш түшүнүк берсе;

3) коомдук таламдарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине карама-каршы келүүчүлөр.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/18/st-5)
